Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Каракалпакстанда кармалгандардын айрымдарын башка облустарга алып кетишти


Нукустагы митинг. 1-июль 2022-жыл
Нукустагы митинг. 1-июль 2022-жыл

Каракалпакстандагы башаламандыктарга тиешеси бар деген шек менен кармалгандардын бир бөлүгү Өзбекстандын Хорезм жана Бухара облустарындагы тергөө абактарына алынып кетти.

Бул тууралуу жергиликтүү журналистке шилтеме берүү менен “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады. Журналист автономдуу жумурияттын укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, кармалгандар нааразылык митингдерин уюштурган деп шек саналып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, 10-15 күнгө камалгандар Каракалпакстандын өзүндө кармалууда.

Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Расмий маалыматта айтылгандай, Каракалпакстан автономдуу жумуриятынын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 18 киши каза тапты, 243 киши, арасында 38 тартип коргоочу жарадар болду. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланды.

Эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрү расмий Ташкентти кан төгүүнү көз карандысыз жана адилет иликтөөгө үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG