Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Украиналык Вязовская Филдс медалына татыган экинчи математик аял болду


Абройлуу Филдс медалына татыган төрт математик.
Абройлуу Филдс медалына татыган төрт математик.

Эл аралык математика биримдигинин калыстар тобу 5-июлда билдиргендей, төрт математик, анын ичинде украиналык Марина Вязовская абройлуу Филдс медалы менен сыйланышты.

Вязовская бул сыйлыкка татыган экинчи аял болуп калды. Ал учурда Лозаннадагы Федералдык политехникалык мектепте эмгектенет.

Андан башка Женева университетинин профессору, франциялык математик Хьюго Дюминил-Копен, Принстон университетинин профессору, корей-америкалык математик Жун Ха, Оксфорд университетинен британиялык илимпоз Жеймс Мейнард татыды.

Филдс медалы ар бир төрт жылда жашы 40ка жете элек математиктерге ыйгарылат. Быйыл сыйлыкты тапшыруу аземи Хелсинки шаарында өттү.

Стэнфорд университетинин профессору, теги ирандык Марьям Мирзахзани өз эмгеги үчүн бул сыйлыкка татыган алгачкы аял болгон. Ал 2017-жылы эмчек рагынан көз жумган.

Филдс медалы канадалык математик Жон Чарльз Филдстин ысымынан аталган. Ал математика жаатындагы эң абройлуу сыйлык болгондуктан, "Нобелдин математика боюнча сыйлыгына тете" деп келишет. Медал 1936-жылдан бери ыйгарылып келет.

XS
SM
MD
LG