Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Стив Капус: "Эркин Европа/Азаттыктын" ишин токтотуу - АКШ душмандарына белек болмок


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус

АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттиги (USAGM) да бар.

14-март күнү кечинде кол коюлган жарлык үй-жайы жоктор, иш жериндеги талаштар жана коомчулуктун өнүгүүсү менен алектенген башка мекемелерге да байланыштуу.

"Бул буйрук чыккан күндөн тарта 7 күндүн ичинде [кол коюлган документте] көрсөтүлгөн ар бир мамлекеттик органдын жетекчиси Башкаруу жана бюджет боюнча кеңсенин директоруна бул буйруктун толук аткарылышын тастыктаган жана мамлекеттик органдын кайсы курамдык бөлүктөрү же функциялары, эгер андайлар болсо, мыйзамда каралганын жана кайсы деңгээлде каралганын түшүндүрүп, отчёт тапшырсын", – деп жазылган жарлыкта. Бул буйрукка удаа USAGMдин жетекчилиги ага караган бир нече эл аралык медиа уюмга, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна грант бөлүү тууралуу келишим токтотулганы тууралуу кат жөнөткөн.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус ишембиде кечинде билдиргендей, "Гранттык келишимди токтотуу - Американын душмандарына чоң белек болмок". "Иран, Кытай, Москва, Минсктеги автократ лидерлер 75 жылдыгын белгилөө алдында турган "Эркин Европа/Азаттык"радиосунун жабылышын чын дилинен майрамдашмак. Американын душмандарынын жеңиши аларды күчтөндүрүп, Кошмо Штаттарды алсыздандырат", - деп айтылат билдирүүдө.

USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги.

Агенттик бардык ишмердигин жана капиталдык инвестициясын каржылоо үчүн 2025-жылкы бюджеттен 950 миллион доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын курамына "Эркин Европа / Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Кубанын берүүлөр кеңсеси (Radio Marti), Жакынкы Чыгыштагы берүүлөр тармактары (MBN) жана Ачык технологиялар фонду кирет.

Биринчи президенттик кызматы учурунда Трамп менен агенттиктин ортосунда редакциялык көз карандысыздык жана программалардын багыты боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Трамп экинчи мөөнөткө кайра киришкенден кийин буга чейинки тынчсызданууларын кайра көтөргөн. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу үчүн бир нече кадам жасады

Медиа каражаттарын колдогондор аталган агенттикке караштуу уюмдар Америка дипломатиясынын маанилүү куралы экенин айтышат.

Бул буйрук USAGM агенттигинен тышкары Федералдык медиация жана элдештирүү кызматына, Смитсон институтунун Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борборуна, Музей жана китепкана кызматтары институтуна, АКШнын үй-жайы жоктордун маселеси менен алектенген агенттиктер аралык кеңешине, Коомчулукту өнүктүрүү боюнча каржы институттары фондусуна жана Азчылыктардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү агенттигине да багытталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG