Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Түрк компаниясы "Манас" аэропортун 39 жылга алабы?


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Кыргыз өкмөтү "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатат.

Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыкты.

Кыргызстандагы эң ири эки аэропортту чет элдик компанияга сырткы башкарууга берүү чечими даярдалып жатканы Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында белгилүү болду.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын жарыялаган.

Бул мамлекеттик-жеке өнөктүштүк алкагында ишке ашып, аба майдандарды жаңылоо максатын көздөй турганы айтылган.

Жапаровдун айтымында, түрк компаниясы эки жылдын ичинде аэропортторго 450 миллиондон 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, учуп-конуу тилкесин, жаңы аэровокзалын жана жүк терминалын курууну убада кылган.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Эгерде 24 айдын ичинде бул шарттарды аткарбаса, салынган инвестициянын баары кыргыз өкмөтүнүн карамагына өткөрүлөт.

Биз башкарууну 50/50 пайыз кылып, пайданы да тең бөлөлү деген оюбузду айттык. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Саясий чечим кабыл алынды, азыр юристтер жана экономисттер меморандумду карап жатат. Бир-эки жумада чечилсе, Ош жана Бишкектеги аэропортторго бир убакта киришет".


Акылбек Жапаров өкмөт "Манас" жана Ош аэропортторун Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңеш берүүсү менен сынак аркылуу сырткы башкарууга берүүнү көздөгөнүн, бирок конкурска катышууну каалаган башка чет элдик компаниялар Кыргызстандын шартына көнбөй койгонун кошумчалады.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги аэропортторду эч кандай сынаксыз эле түркиялык компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатат.

Акылбек Жапаров YDA INŞAAT компаниясы менен келишимдин мөөнөтү жана шарттары боюнча кеңири маалымат берген жок.

Аэропорттор 39 жылга башкалардын башкаруусуна берилет

Бир күн өтпөй Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул маселеге кайра көңүл буруп, тактоо киргизишти. Алсак, депутат Жанар Акаев "Манас" жана Ош аэропорттору түрк компаниясына 39 жыл мөөнөткө башкарууга берилип жатканын айтып чыкты. Акаевдин айтымында, аэропорттор боюнча ачык сынак өткөрүлбөй, жең ичинен анча белгисиз компаниянын тандалышы Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Азыр Министрлер кабинети "Манас" жана "Ош" аэропортторун 39 жылга берүү боюнча түрктөрдүн анча белгилүү эмес YDA INŞAAT деген компаниясы менен меморандум түзүү алдында турат. 39 жылга биздин аэропортторубузду сырткы башкарууга берип жатабыз. Бул абдан туура эмес. Анткени, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык Финансы корпорациясы келишим түзүп, анын алкагында ачык сынак өткөрүү каралган. Ага Германия, Нидерланддар, Түштүк Кореядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч бир сынагы жок, тендерсиз стратегиялык эки объектибизди бергени жатабыз".

Депутаттын маалыматы боюнча, эки аэропортту түркиялык компанияга берүүгө өкмөт аралык комиссия, Тышкы иштер министрлиги каршы чыккан. Бирок өкмөттүн жетекчилиги бул корутундуларды эске албай туруп, ири объектилерди жеке компанияга берүүгө шашылып жатат.

Жанар Акаев келишимге кол коюлса, өлкөнүн кызыкчылыгы сакталбай калышы мүмкүн экенин белгилеп, президент менен атайын кызматтын башчысын бул маселеге көңүл бурууга чакырды.


Депутат коомчулукта күмөндүү суроолор болбошу үчүн эл аралык уюмдардын катышуусунда ачык сынактын негизинде аэропорттор сырткы башкарууга берилиши керек деп эсептейт.

"Манас" аэропортун иштетүүгө башка өлкөлөрдүн компаниялары кызыкдар экени тууралуу маалыматтар буга чейин айтылып жаткан.

Ушул айдын башында дал ушул маселе боюнча журналисттерге брифинг өткөрүлүп, анда Эл аралык финансы корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлү Эркин Асрандиев жети-сегиз мамлекеттин олуттуу компанияларынан сунуш түшкөнүн айткан.

“Кызыкдар инвесторлордун арасында Германиянын, Франциянын, Малайзиянын, Түштүк Кореянын, Индиянын, Түркиянын, Орусиянын жана Аргентинанын чоң компаниялары бар”.

Өкмөт бирди, министрлик башканы айтууда

Акылбек Жапаров "Манас" жана Ош аэропортторун YDA INŞAAT компаниясына берүү боюнча саясий чечим кабыл алынып, жакын арада меморандумга кол коюларын айтканы менен, тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы карама-каршы чыгууда.

Маселен, аталган аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында тышкы башкарууга берүүнү уюштуруу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жүктөлгөн.

Мекеменин директору Равшан Сабиров аба майдандары боюнча ачык сынактын жыйынтыгы аягына чыга электигин жана түрк компаниясы тандала электигин билдирип жатат.

Равшан Сабиров
Равшан Сабиров

"Биз бул боюнча Эл аралык финансы корпорациясы аркылуу ачык сынак жарыялаганбыз. Ага дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчундагы аэропорттордун менежерлери катышкан. Ал иш-чара Бишкектеги "Орион" мейманканасында өткөн. Анда аэропортту дүйнөлүк стандартка шайкеш келтирүү, учуу-конуу тилкеси, тейлөө тармагы, аба ырайынын ар кыл шартында учуп-конууга шарт түзүү, Европа өлкөлөрүнүн "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча сөз болгон. Эки этаптан турган сынактын алкагында аэропортту башкарчу компания тандалышы керек. Ал эми Акылбек Жапаровдун соңку билдирүүсүнө мен комментарий бере албайм", - деп айтты Равшан Сабиров.


Дал ушундай эле жоопту "Азаттыкка" ачык сынакты уюуштурууга жооптуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов да берип, аэропорттор боюнча сынак өтө электигин ырастады.

Мындай жол менен "Манас" жана Ош аэропортторун сырткы башкаруу берүү боюнча өкмөт жетекчилиги менен тиешелүү органдардан эки ача пикир чыгып жатат.

Келишимдин шарттары кандай?

Ал тапта "Азаттыкка" кыргыз өкмөтү менен түркиялык YDA INŞAAT ишканасынын ортосундагы эки аэропортту тышкы башкарууга берүү боюнча меморандумдун долбоору деген кагаздар келип түштү.

YDA INŞAAT компаниясынын жазган каты
YDA INŞAAT компаниясынын жазган каты

Быйыл июнь айында иштелип чыккан делген долбоордо "Манас" жана Ош аэропортторун 39 жылдык мөөнөткө түрк компаниясынын башкаруусуна берүү каралган. Бул үчүн YDA INŞAAT 557 миллион доллар инвестиция салат. Бул каражатка аэропорттордун азыркы инфраструктурасын оңдоо, жаңы терминалдын имараты, жүк ташуучу терминал куруу, жерден кызмат көрсөтүү үчүн транспорт жана жабдыктарды алуу, жаңы кампаларды салуу пландалууда.

Түшкөн каражаттан алгачкы он жылда мамлекетке белгилүү бир сумма төлөнсө, кийинки теңме-тең бөлүнүшү керек.

Меморандумдун долбоорунда түрк компаниясы инвестиция үчүн кошумча нарк салыгынан, бажы төлөмдөрүнөн жана 10 жылга киреше салыгынан бошотулат.

YDA INŞAAT компаниясынын таржымалы

Интернеттеги ачык маалыматтарга караганда, YDA INŞAAT компаниясы 1993-жылы Түркияда негизделген. Курулуш, аэропортторду башкаруу, өнөр-жай объектилерин, жол, көпүрөлөрдү куруу тармагында иштейт.

Буга чейин компания Түркия, Казакстан, Орусия, Сауд Арабиясы, Ооганстан, Ирак сыяктуу өлкөлөрдө бир нече долбоорду ишке ашырган. Алардын ичинде оорукана, жол салуу сыяктуу долбоорлор бар.

YDA INŞAAT ишканасы ишке ашырган долбоорлор. Схема компаниянын расмий сайтынан алынды.
YDA INŞAAT ишканасы ишке ашырган долбоорлор. Схема компаниянын расмий сайтынан алынды.

Ал эми аэропортторду оңдоо жана башкаруу жаатында Түркиядагы Даламан, Казакстандагы Актау, Түркстан жана Албаниядагы Влёра сыяктуу аба майдандарды оңдоп-түзөп, башкарганын көрүүгө болот. Булардын баары ошол өлкөлөрдөгү аймактык деңгээлдеги аэропорттор болуп саналат.

Эгер "Манас" аэропорту YDA INŞAATтын башкаруусуна өтсө, анда бул алардын колундагы баш калаада жайгашкан алгачкы борбордук аба майдан болуп калат.

"Манас"- маанилүү обьект

"Манас" жана Ош аэропорттору Кыргызстандагы эл аралык макамы бар эң ири аба майдандар. Эки аба майдан тең “Манас” ачык акционердик коомунун курамына кирет. Каржы жагынан дал ушул эки объект гана кирешелүү. Президент Садыр Жапаров өткөн жылы аэропорт 3 млрд. сом таза киреше менен чыкканын айткан.

"Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү жөнүндө демилге жаңылык эмес. Буга чейин тышкы башкарууга гана эмес, менчикке берүү тууралуу демилгелер көтөрүлгөн.


Мисалы, 2013-жылы Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешмеде аэропортторду орусиялык ишканаларга берүүгө кыргыз бийлиги кызыкдар экенин айткан. Көп өтпөй “Манас” аба майданын сатууга тендер жарыяланып, ага сегиз компаниядан сунуш түшкөн.

Бул коомчулукта бир топ каршылыктарды жаратып, чоң сумма сунуштаган Орусиянын “Роснефть” компаниясы аэропортту сатып алуудан баш тарткан. Кийинки бийликтин тушунда да ушундай аракеттер көрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG