Майлуу-Суу лампа заводу кайра өкмөттүн колуна өттү
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
"Токтоп турган ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатына өттүк. Бир мисал: Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд. сом карадык. Кара-Балта ремзаводу, Кара-Балта шаарындагы “Даназык” мамлекеттик ишканасы мамлекетке кайтарылды. Кара-Балта килем комбинатынын базасында синтетикалык жана жарым синтетикалык кездемелерди жана тигүү буюмдарын чыгаруу боюнча текстилдик кластерди ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Пахта-текстилдик кластерди түзүү боюнча маселе иштелип жатат. Анын базасында пахта тазалоочу заводду, жип чыгаруу фабрикасын, текстилдик фабриканы жана машина-трактор паркын, ошондой эле май чыгаруучу заводду уюштуруу пландалууда",-деди Жапаров.
Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводу 1967-жылы ишке кирген. Кезинде 7-8 миңге чейин адам эмгектенген мекемеде, соңку кездери жумушчулардын саны жана өндүрүшү кыйла азайган.
Лампа заводу 2003-жылы жеке ишкерлерге сатылган. Ишкананын мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланып, кийин "Майлуу-Суу лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коому болуп уюштурулган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте өкмөттүн алты айда жасаган иштери боюнча маалымат берип жатып, өлкө экономикасында жылыш бар экенин билдирди. Ал 2021-жылдын консолидацияланган бюджетин ашыгы менен аткарганын айтып, кийинки жылдарга божомолдорун санады.
“2021-жылдын консолидацияланган бюджети 280 млрд. деп пландалган. Бирок фискалдык саясаттын натыйжасында 312 млрд. сомду түздү. Өлкөнүн 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Биз бюджетке акча түшүрүүнү улантып, 2023-жылы 500 млрд. сомго, 2024-жылы 600 млрд. сомго киреше-чыгашабызды жеткиребиз деп турабыз”, - деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казынаны кыйгап өткөн салыктар менен күрөшүүнүн натыйжасында экономика калыбына келип жатканын белгиледи. Ал айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жогорулаганын айтты.
Жогорку Кеңештеги жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөө бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө орунда турганын айтты. Жапаров эгер Кыргызстан аласасын убагында бере албаса кайсы бир объектилерди башкаруу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскертти.
"2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50 пайыздан ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт",- деди Жапаров.
Буга чейин президент Садыр Жапаров быйыл тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөө учуру башталганын, алдыдагы он жыл насыяларды төлөө үчүн мамлекеттик казынага оорчулук түшөрүн билдирген.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.
Акылбек Жапаров: Алты айдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, былтыркыга караганда 52,7 миллиард сом көбүрөөк чогулттук. Бул - жомок эмес, бул - факт.