Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Атамбаев сотто акыркы сөзүн айтпай турганын билдирди


Алмазбек Атамбаев сот залында. 28-июнь, 2022-жыл.
Алмазбек Атамбаев сот залында. 28-июнь, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча өтүп жаткан соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинген.

Атамбаев сот жүрүшүн “бул цирк, бул уят” деп атап, катышпай турганын билдирди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип, “акыркы сөздүмдү эркиндикке чыкканда айтам” деди.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мурдагы президенттин ден соолугуна жана башка себептер менен соттогу жарыш сөз, акыркы сөз айтууга катыша албай турганын айтты. Ушундан улам Алмазбек Атамбаевди сотко катыштырбоо өтүнүчүн берди. Бул өтүнүчтү Атамбаев да колдоду.

Прокурор айыпталуучу сот жараянына катышуусу зарыл экенин айтты. Алмазбек Атамбаев буга каршы болуп, буту менен темир тосмону тепкиледи. Жыйынтыгында кайтаруучулар (конвойлор) аны сот залынан алып чыгып кетишти.

28-июндагы соттук жараянда тергөөдө жабырлануучу катары өткөн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) төрт кызматкери сурак берди. Алар Октябрь окуясындагы башаламандык учурунда ден соолугунан ар кандай жараат алганын, ушул тапта ар бир алты ай сайын медициналык кароодон өтүп турарын айтышты.

Жабырлануучулар бул иш боюнча айыпталып жаткандарга эч кандай дооматы жок экенин билдиришти.

Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

28-июндагы сотко Атамбаев менен Бабановдон башка бардык шектүүлөр катышып жатат.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG