Кыргызстандык балбандар Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында жалпы 14 алтын, 12 күмүш, 12 коло байге алышты. Мелдештер “Бишкек-Арена” муз майданында өттү. Чемпионатка 11 өлкөдөн 600гө чукул спортчу келcе, Кыргызстандан 60 спортчу күч сынашты.
"Азаттык радиосу" чемпионаттын урунтуу учурларын топтоду.
Билолдун жылдызы жанды
Бул чемпионат 16 жаштагы Билол Шарип уулунун жылдызын жандырган мелдеш болду. 16 жаштагы балбан 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта күч сынашып, үч атаандашын жеңип чемпион болду.
Шарип уулу казакстандык Акарыс Калиевди, жарым финалда жапониялык Минато Койваны 10:0, 11:0 эсебинде ири айырма менен жыккан Билол финалда өзбек балбаны Жавохир Чулибоевди 8:5 эсеби менен жеңип алды.
Гүлнура алтын тагынды
Кыздар арасында Гүлнура Таштанбекова Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Гүлнура 17 жашка чейинкилер арасында кыздардын эркин күрөшүнөн 65 килограмм салмакта финалда индиялык Пулкит Пулкитти жеңди.
Бул салмакта кыздар айлампа тартибинде күч сынашты. Таштанбекова алгач индиялык Пулкит Пулкитти (2:2), кийин түштүк кореялык Еунсо Чону (4:0), жапониялык Сава Хигашини (3:0) жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн кайрадан индиялык Пулкит Пулкит менен күрөшүп, атаандашынын далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда таза жеңишти камсыздады (5:0). Таштанбековадан сырткары кыргызстандык үч балбан кыз: Диана Амантурова (43 кг), Айтолкун Медет кызы (57 кг) жана Жаркынай Нурлан кызы (61 кг) коло медал тагынышты.
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты 19-июнда башталды. Уландар жана кыздар арасындагы таймаштарда (U-17) Кыргызстандын балбандары алты алтын, бир күмүш жана тогуз коло байге алышты.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курамасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш, эки коло байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөш курама командасы бир алтын, үч коло байге алып сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга жайгашты. Эркин күрөш боюнча команданын эсебине бир алтын, бир коло байге жазылды.
Мээрим менен Айперинин жеңиши
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова мелдешке 23 жашка чейинкилер арасында катышты. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күч сынашкан Жуманазарова айлампа тартибинде үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен утту. Биринчи айлампада индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, үчүнчүдө казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, алтын медал тагынды.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта беш балбан кыз айлампа тартибинде күрөштү. Бул салмакта Кыргызстандын намысын талашкан Айпери Медет кызы төрт атаандашын ири эсеп менен жеңгени үчүн мөөнөтүнөн мурда чемпион болду.
Мээримдин сиңдиси Сезим Жуманазарова (59 кг) менен Арууке Кадырбек кызы (55 кг) коло медалга ээ болушкан. Эки алтын, үч күмүш жана үч коло байге менен Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы командалык эсепте беш өлкөнүн ичинен 2-орунду алды. 1-орунда Индия, 3-орунда Казакстан жайгашты.
Грек-рим күрөшү: алтын-күмүш байгелер
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) үч алтын, алты күмүш байге алып командалык эсепте 1-орунду алды.
Алтын медалды Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) алды. Нурланбеков финалда өзбекстандык Жахонгир Хамроевди 4:2 эсебинде жеңди. Ал финалга чейин казакстандык Кирил Минкону 9:0, индиялык Диипак Пунияны 5:1 жана түркмөнстандык Бегмурат Нобатовду 9:4 эсебинде уткан.
Алтын байге үчүн беттеште Акылбек Талантбеков дагы бир өзбекстандык Дилшод Омонгелдиев менен таймашып, 9:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен жеңди (12:0, 9:0, 8:0, 10).
Айлампа тартибиндеги беттештердин 3-раундунда Бексултан Назарбаев түркмөнстандык Тойлы Орозбаевди 9:0 эсебинде жеңип, алтын медал тагынды. Назарбаев ага чейин казакстандык Рахат Сагымбайды 10:0, индиялык Рохит Дахияны 8:0 эсебинде уткан.
Эркин күрөш
Эркин күрөштөн Орозобек Токтомамбетов, Тайирбек Жумашбек уулу, Мухаммад Абдуллаев чемпион болушту.
Орозобек Токтомамбетов 25-июнда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Досжан Ассетовду 10:6 эсебинде жеңди. Буга чейин Токтомамбетов төрт атаандашын уткан.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы он салмактын ичинен үч алтын, эки күмүш жана үч коло байге алып, командалык эсепте тогуз өлкөнүн арасынан 2-орунду ээледи. 1-орунду Казакстан, 3-орунду Индия алды.