Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Британия Донецкиде туткундалган жарандары боюнча Орусияга кайрылды


Британиялык Эйден Аслин, Шон Пиннер жана марокколук Саадун Брагим сот залында. Донецк шаары.
Британиялык Эйден Аслин, Шон Пиннер жана марокколук Саадун Брагим сот залында. Донецк шаары.

Улуу Британия Украинанын аймагында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”-“ДНР”) деп жарыялаган жикчил түзүмдүн колуна түшүп калган британ аскерлери боюнча Орусияга дипломатиялык нота жөнөттү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги Орусиянын Улуу Британиядагы элчилигине таянуу менен кабарлады.

Лондондогу орус элчиси Андрей Келин бул жөнүндө "Россия 24" телеканалына да маек куруп, “дипломатиялык нота текебер маанайда болгону үчүн ага жооп берүүгө Москванын каалоосу жок болуп жатканын” айткан. Ал ошондой эле Москва менен Лондондун мамилеси "жардын кырында турганын" айтып, Британияны андан көрө түз эле “ДНРдин” бийлигине кайрылууга чакырды.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты комментарийлей элек. Буга чейин аталган мекеме жана британ өкмөтү жикчил аймакта кармалган легионерлердин катаал жазага тартылышын айыптаган.

Украинанын Донецк облусунун аймагындагы жикчил түзүмдүн соту 9-июнда украин армиясынын катарында согушуп жаткан үч чет элдик жаранды - британиялыктар Шон Пиннер менен Эйден Аслинди, марокколук Саадун Брагимди өлүм жазасына тарткан. Алар "жалданмачылыкка" жана "бийликти куралдуу басып алууга айыптуу" деп табылды. Жикчил түзүмдүн мыйзамдарына ылайык, аларды атууга кетет. Аларда сот өкүмүн даттанууга бир айлык мөөнөт бар.

Пиннер менен Аслин Мариуполдогу, Брагим Волновахадагы кармаштарда туткундалган. Үч жаран тең Украинага Орусия басып киргенге чейин кирген жана бир нече жыл бою украин куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG