Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Кара-Балтада башы кесилген аялдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Балта шаарында башы кесилген аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка караганда, бул тууралуу маалымат 21-июнда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Тартип коргоо органдары башы кесилип, зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн табышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен катталды.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун тек-жайы аныкталып, ал А.А. аттуу 47 жаштагы аял экени такталган.

Учурда милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында иш алып барууда.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

21-июнда Баткен облустук милициясы Кадамжай районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин асынып алганы тууралуу маалымат тараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG