Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы 27-июнда башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы 27-июндан тартып мектептерге окуучуларды электрондук каттоонун экинчи айлампасы башталарын билдирди. Ага ылайык, ушул күндөн тартып ата-энелер кайсы райондо катталганына карабай бош орундар бар мектептерге балдарын каттата алат.

"Ушундан улам баласын окутууну каалаган мектеп жайгашкан аймакта жашаган ата-энелер турган жерин каттатышы керек. Ал эми "Мектепке электрондук каттоо" автоматташтырылган системасына катталган ата-энелер үчүн бул системада баласын окутууну каалаган башка мектептерде бош орун болуп калса ошол жерге каттатууга мүмкүнчүлүк берилет", - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жана бала бакчага электрондук кезекке тургузуу үчүн mektep.edu.gov.kg деп аталган сайт ачкан жана иштей баштаган алгачкы күндөрү бир канча жолу жолу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам балдарын электрондук кезекке тургуза албаган ата-энелер министрлике чейин даттанып келишкен.

Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте бала бакча жана мектепке муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбай турганы статистикалык маалыматта айтылган.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизген.

XS
SM
MD
LG