Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:27

Чукул кабар: сел жүрүү коркунучу жогору


Кыргызстанда жаз жана жайдын алгачкы айы жаанчыл болгондуктан өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрдү.
Кыргызстанда жаз жана жайдын алгачкы айы жаанчыл болгондуктан өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 22-24-июнь күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр, жаан-чачындан улам тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли жогорулашы ыктымалдыгын эскертти.

"Ушул себептен коопсуздук чараларынын сакталышы зарыл. Жергиликтүү калк жана мекеме-ишканалар, уюмдар (менчигинин түрүнө карабастан) арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда жаз жана жайдын алгачкы айы жаанчыл болгондуктан өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. Табигый кырсыктын кесепети толук такталып-эсептелип бүтө элек.

XS
SM
MD
LG