Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Евробиримдик Орусиянын дагы үч банкын SWIFT системасынан өчүрдү


SWIFT аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алышат.
SWIFT аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алышат.

Европа Биримдиги орусиялык үч банкты – “Сбербанкты”, “Россельхозбанкты” жана “Москва кредиттик банкын” 14-июндан тартып SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүрдү. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы кабарлады.

Орусиялык медиалар “Сбербанктын” администрациясына байланышып, системадан чыгаруу банктын ишине кедергисин тийгизбегенин, алар эл аралык эсептешүүлөрдү аткарууда адаттагыдай эле иштеп жатканын тактады.

“Москва кредиттик банкы” ички операциялар штаттык режимде аткарыларын, эл аралык транзакциялар кечигип аткарыла башташы мүмкүн экенин кабарлаган. “Россельхозбанк” автономдук ишти үзгүлтүксүз алып барууга үмүт кылууда.

Аталган банктарды жана Беларустун “Өнүктүрүү банкын” системадан ажыратуу чарасы Евробиримдиктин Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында каралган. Уюмдун кеңеши алтынчы пакетти 3-июнда расмий бекиткен.

Жаңы санкцияда орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунайзатты сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечимин кабыл алды. Убактылуу уруксат чийки мунайды куур аркылуу алып жаткан уюмга мүчө Венгрия, Чехия, Словакия сыяктуу мамлекеттерге гана калтырылды. Болгария менен Хорватияга вакуумдук газойл жана мунай жеткирип турууга коюлган мөөнөт бир аз узартылышы мүмкүн.

Украинанын президентинин кеңсеси анда Европа Биримдигинин Орусияга каршы бул чечими “жетишсиз” экенин жана “санкциялардын темпи өтө жай” жүрүп жатканын билдирген.

Европа Биримдиги Орусия Украинага кол салгандан кийин, мартта алгач SWIFT системасынан Орусиянын ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ деп аталган жети банкын өчүргөн. Соңку үчөө менен системадан үзүлгөн банктардын саны 10го жетти.

SWIFT аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алат. Бул системага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына 5 миллиарддай кат алмашылат. Системаны Евробиримдиктин мүчөсү Белгиядагы компаниялар башкарат. (ErN)

XS
SM
MD
LG