Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Жогорку Кеңештин тармактык комитети кумаркана мыйзамын караган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөтүү үчүн караган жок.

Депутаттар мыйзам долбоорун кароо түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты.

14-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөтүү үчүн карамак.

Кыргыз парламенти өткөн айда чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге курган маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан. (МТа)

XS
SM
MD
LG