Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Украинадагы согуштун кесепети: Борбор Азиядагы кымбатчылык


Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бааларды чагылдырган коллаж.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бааларды чагылдырган коллаж.

Украинадагы Орусия баштаган согуш бүтүн дүйнөдө кымбатчылыкты күчөттү. Көбүнесе энергоресурстардын жана азык-түлүктөрдүн баасы өсүүдө. Постсоветтик мамлекеттерде товарлардын тартыштыгы жана кымбаттоолор байкалды.

“Элдик экономика” түрмөгүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү базар баасын салыштырабыз.

Орусия жана Борбор Азия

Кеп кылып жаткан чөлкөмдө беш мамлекет бар. Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан.

Бул өлкөлөрдүн экономикасы тарыхый жактан да, географиялык жактан да Орусия менен тыгыз байланышкан. Көпчүлүк товарларды Москвадан ташып келишет, мигранттарын ошол өлкөгө жөнөтөт. Ошондуктан Орусиядагы абал алардын экономикасына түздөн-түз таасир этет. Буга быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин дагы да көбүрөөк ынанып жатабыз.

Батыштын санкцияларынан улам орус рубли төмөндөсө, казак теңгеси, кыргыз сому, өзбек суму, тажик сомониси жана түркмөн манаты ылдыйлап, рубль кайра көтөрүлсө, алар да жогорулады. Москвада кымбатчылык жаралса, аталган чөлкөмдө да баалар өстү.

Бул жагдайга Орусиянын айрым товарларды Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) чыгарууга тыюу салып койгону, үчүнчү өлкөлөргө бажы алымдарын көбөйтүп койгону да себеп болду. Москва менен чогуу уюмда өнөктөш болгон Бишкек жана Нур-Султан улам-улам сүйлөшүү өткөрүп жатса, расмий Ташкент, Дүйшөмбү жана Ашхабад Кытайдан, Ирандан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн импортун күчөтүүгө аракет кылууда.

Демек, биз мисал катары алган беш өлкө бир чөлкөмдө болгон менен ар кимисинин мүмкүнчүлүктөрү ар башка. Айрымдарынын өзүнүн экономикасы кубаттуу болсо, кээлери альтернатива катары башка ири мамлекеттер менен соода кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошого карабай биз чектешкен мамлекеттердеги азык-түлүктөрдүн бааларын талдоого аракет кылып көрөбүз.

Албетте, дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле буларда да баалар 2020-жылы коронавирус пандемиясынан кийин кескин көтөрүлгөн. Буга ошол маалдагы өндүрүштөрдүн чектелиши жана чек аралардын жабылышы себеп болду. Карым-катнаш жанданганы баалар кайрадан турукташа баштаган.

Украинадагы согуштун бааларга таасирин аныктоо үчүн биз быйыл жыл башындагы нарк менен ушул маалдагы бааны салыштырып көрөлү.

Тогуз азык, алты жагдай

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кымбатчылыкты баяндоо үчүн биз азык-түлүктүн тогуз түрүн мисал катары алабыз. Алар: нан, ун, сүт, өсүмдүк майы, жумуртка, кумшекер, картошка, уй эти жана кой эти. Бирок талдоодогу айрым жагдайларды тактап коёлу.

  • Товарлардын баалары кеп болуп жаткан өлкөлөрдүн статистика комитеттеринин, агенттиктеринин жана бюролорунун, “Азаттыктын” бул мамлекеттердеги кызматтарынын жана жергиликтүү тургундардын маалыматтарынын негизинде алынды. Сандар аталган товарлардын жогорку, төмөнкү жана орточо наркын чагылдырат. Салыштыруу орточо баа менен көрсөтүлөт.
  • Товарлардын айрым түрлөрү ар кайсы өлкөдө ар башка эсептелерин белгилеп коёлу. Айталы, кээлери нандын баасын тандыр нанга, наавай нанга же бөлкө нанга карап көрсөтөт. Мындан сырткары сүт кээ бирлеринде пастеризацияланган же пастеризацияланбаган болуп каралып калышы да ыктымал. Ошондуктан нарктарды чыгарууда айырмачылыктар болуп калышы мүмкүн.
  • Түшүнүктүү болуш үчүн коңшу мамлекеттердеги товарлардын наркын Кыргызстандын улуттук валютасы – сомго которуп, көрсөттүк. Эквивалент негизинен кросс-курс ыкмасында аныкталды. Тагыраагы, коңшу мамлекеттердеги товардын баасы долларга эсептелип, ал кайра сомго айлантылды.
  • Валюталардын курсу Google издөө системасынын валюталык конвертери менен эсептелди. Аталган сервисте курс өлкөлөрдүн Улуттук банктарынын маалыматы менен берилет. Коңшу мамлекеттердин акчасын реалдуу алмаштырууда келтирилген сандардан айырма болушу мүмкүн. Курс материал жазылган күнгө таандык.
  • Биз мисалга алган өлкөлөрдүн бири – Түркмөнстандагы базар баасы эки формада берилди. Себеби анда манат менен доллардын расмий курсу менен көмүскө базардагы курсунун ортосунда ажырым өтө чоң. Ошого байланыштуу эки курс менен тең эсептелген баалар келтирилди.
  • Сом менен көрсөтүлгөн бааларды абсолюттук так сумма катары карап, арзан же кымбат деп толук бүтүм чыгаруудан карманууга чакырабыз. Бааларды теориялык салыштыруу катары кароо максатка ылайыктуу. Анткени, адатта нарктардын жогору экендиги же төмөн экендиги жарандардын кирешесинин деңгээли менен аныкталат.

Соңку эсептерге ылайык, орточо айлык акы Кыргызстанда $282 доллар (22 миң 472 сом), Казакстанда 654 доллар (285 миң теңге), Өзбекстанда 310 доллар (3 миллион 426 миң 827 сум), Тажикстанда 146 доллар (1 миң 612 сомони). Түркмөнстанда орточо маяна 1000-1200 манат болот. Муну расмий курс менен санасак 342 доллар, көмүскө базардагы курс менен санасак 70 долларды түзөт.

Нан

Орусиянын дан азыктарын сатууга тыюу салышы анын ЕАЭБдеги өнөктөшү, экономикасы чаканыраак Кыргызстанга көбүрөөк тийди. Өлкөдө нандын баасы орточо 20 сомдон 27-30 сомго чейин чыкты. Мурда 100 сомго төрт нан келсе, азыр ага үч гана нан келет.

Казакстандын Статистика бюросунун маалыматына ылайык, нандын наркы жыл башында максимум 180 теңге болсо, азыр ал 200 теңге болуп калган. Албетте, орточосу мындан арзаныраак. Бирок баары бир буудайды көп өндүргөн өлкө да терс тенденциядан кур калган жок. Ошондо Казакстандагы нандын орточо баасын 33 сом деп эсептесек болот.

Өзбекстанда өкмөттүн буудайды дыйкандардан базар баасы менен сатып алуу тажрыйбасы ун жана дан азыктарынын кымбатташына алып келди. Натыйжада, Ташкенттеги дүкөндөрдө бир бөлкө нандын баасы 1600 сумдан 2800 сумга чейин, же дээрлик 80% жогорулады. Акыркы күндөрү айрым базарларда нанга кезекке тургандар байкалган. Сомго чаксак, орточо баа 20 сомдой эле, бирок жергиликтүү тургундар үчүн бул да кыйла кымбат.

Тажикстанда да башка товарлар менен чогуу нан да кымбаттады. Мурда аларда баа 2-3 сомони турса, согуштук кырдаалдан кийин 4 сомониге чейин чыкты. Бул көбүнчө кирешеси аз калктын арасында бир топ кыйынчылыктарды жаратты. 4 сомони 29-30 сом болуп калат.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү нандын баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү нандын баасын чагылдырган инфографика.

Түркмөнстанда абал баарынан татаал. Бул өлкөдө азык-түлүктүн, анын ичинде нандын тартыштыгы мурдатан эле бар. Мамлекет субсидия кылган, арзаныраак нан ар бир үй-бүлөгө эки же үч даанада гана сатылат. Ал үчүн тургундар түнү менен кезекке турууга аргасыз. Былтыртан тарта жарандар нанды атайын органдын тастыктамасы менен гана ала баштаган. Антпесе кезекке кайра тургандар же ашыкча алгандар 15 суткага чейин камалып жаткан.

Бирок Украинадагы согуштан кийин Түркмөнстанда абал дагы да начарлады. Нанга өкмөт койгон баа 1-2 манат гана турат, бирок ал таптакыр жетпейт. Натыйжада тургундар аны жеке колдордон 20 манатка чейин сатып алышат. Жай келгени баа бир аз түштү, бирок тартыштык токтогон жок. Демек, Түркмөнстандагы нандын баасы бейрасмий курс менен санаганда 45-50 сом деп кабыл алса болот, ал эми расмий курста 200 сомдон ашып кетүүдө.

Ун

Нан кымбаттап жатканы албетте, биринчи кезекте анын түпкү азыгы буудай жана ундун баасынын өсүп жатканынан эмеспи. Жогоруда белгилегенибиздей, Борбор Азиядагы мамлекеттер дан азыктарын негизинен Орусиядан сатып алышат. Картинаны берүү үчүн унду алалы.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин эсебинде, биринчи сорттогу ундун килограммынын баасы жыл башынан бери 41 сомдон 49 сомго чейин чыкты. Эгер жалпылаштырсак, 50 килограммдык кап 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин кымбаттаган болот.

Казакстандын өзүндө 15 миллион тоннанын тегерегинде дан азыктары өндүрүлөт. Бирок мамлекет буудайды унга же нанга айлантып сыртка экспорттош үчүн баары бир аны Орусиядан алып келет. Москва коңшусуна буудай сатууну токтоткон үчүн расмий Нур-Султан дагы бул азыкты экспорттоосун убактылуу бууду. Бирок казак жергесинде ун баары бир кымбаттады. Ошондо биринчи сорттогу ундун (бир килограммы) 265 теңгеге, же сомго чакканда 38 сомго чейин чыкты. Бул орточо расмий баасы, реалдуулукта мындан кымбатыраак да болушу ыктымал.

Өзбекстанда биринчи сорттогу ундун наркы жыл башынан бери 4,5 миң сумдан (бир килограммы) 5 миң сумга чейин көтөрүлдү. Бирок бул расмий баасы. Дүкөндөрдө болсо ал 8900 сумга чейин сатылды. Муну сомго чакканда бул 60 сомдон кымбат. Эгер орточо баасын алсак 48 сомдой болуп калат. Дээрлик Кыргызстандагыдай баа.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ундун баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ундун баасын чагылдырган инфографика.

Орусиянын үчүнчү мамлекеттерге буудай сатуудагы бажы алымдарын көбөйткөнү жана Казакстандын буудай экспортун токтото турганы Тажикстанга катуу таасир этти. Бул өлкөдө ундун бир кабы жыл башынан бери 280 сомониден 380 сомониге чейин көтөрүлдү. Бул деген 2700 сомдун айланасы. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчыларынын маалыматтарына таянсак, ошондо биринчи сорттогу ундун килограммы 54 сомго бааланып калат.

Жогоруда айтканыбыздай, Түркмөнстанда ундан кыйла көйгөй бар. Бизге жеткен кабарда биринчи сорттогу ундун 1 килограммы 10-12 манатка чейин кымбаттап, азыр 7-9-манатка түштү. Манат менен доллардын расмий курсу менен чагып, сомго айлантканыбызда бул 180 сом болот. Расмий эмес курста мындан кыйла арзан чыгат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өлкөдө айрым шаарлардагы мамлекеттик жана менчик дүкөндөрдө ун калбай калып жатканын жазып жатат. Жергиликтүү булактар кампаларда ун түгөнүп баратканын билдирүүдө.

Сүт

Кыргызстан сүттү өзү керектегенден ашыкча өндүрөт. Ошол себептүү Украинадагы согуш анын баасына анча таасир эткен жок. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, сүттүн орточо баасы жыл башынан бери ал тургай 53 сомдон 51 сомго чейин түшкөн. Май айында заводдор фермерлерден сүттү сатып албай, натыйжада фермерлер каналга төгүп жиберип, чуу болгон.

Кыргызстанга салыштырмалуу Казакстанда сүт кымбат. Расмий маалыматка ишенсек, сүт эң кымбат дегенде 410 теңгеден 450 теңгеге чейин чыккан. Сомго чаксак дээрлик 60 сом болуп калат.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сүттүн баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сүттүн баасын чагылдырган инфографика.

Өзбекстанда сүттүн жогорку наркы 7200дөн 7400 сумга чейин өскөн. Орточо баа – 6900 сумду сомго которсок 53 сом болот. Тажикстанда болсо сүт 4-5 сомониден 6-7 сомониге чейин кымбаттаган. Башкача айтканда, сөз болуп жаткан азык январда 36 сом турса, июнда 50 сомго бааланууда.

Түркмөнстанда сүттүн баасы 30 манатка чейин жетет. Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматынан орточо баа 5-10 манат деп маалымат алдык. Расмий курста бул 170 сомго чейин жетет, ал эми расмий эмес курста 35-40 сом болуп калат.

Өсүмдүк майы

Орусия марттын аягында күн караманын уругун экспорттоого тыюу салып, андан чыгарылган жемге жана майга квоталык чектөө киргизген. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин тийгизди.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери эле май кескин кымбаттап келген. Жыл башынан бери эле ал дээрлик 200 сомго чейин чыгып барып, кайра бир аз арзандады. Азыр өлкөдө орточо баа 174 сом деп эсептелет.

Казакстан күн карама майын өзү да көп өндүргөндүктөн анын баасы коңшу мамлекеттерге салыштырганда арзан. Бирок баары бир Статистика бюросу жыл башынан бери күн карама майы 23% кымбаттаганын маалымдаган. Орточо баа 800 теңгенин тегерегинде, бул 150-151 сом.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү күн карама майынын баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү күн карама майынын баасын чагылдырган инфографика.

Соңку кымбатчылыкка байланыштуу Өзбекстан өсүмдүк майын тышка чыгарууга тыюу салды. Өлкө өзү күн карама жана пахта майын өндүрөт. Эгер күн карама майынын баасын карасак, анын литри январдан бери 19 миңден 24 миң сумга чейин чыккан. Муну орточо 170-172 сом деп карайбыз.

Тажикстанда күн карама майы 20 сомониден 30 сомониге чейин кымбаттаган. Муну кыргыз валютасына 215 сом деп айлантабыз жана чөлкөмдөгү эң жогорку баалардын бири экенине күбө болобуз.

Мындан кымбат Түркмөнстанда - күн карама майы 40 манатка чейин жетти. Расмий курста ал 800 сомдон жогору, бейрасмий курста 200 сомдун тегерегинде. Түркмөн кабарчылар жазгандай, бул азык өлкөдө кыйла тартыш болууда. Айылдагы дүкөндөргө майдын бул түрү бир нече күндөп келбей калып, натыйжада көбү шаар же район борборлорунан сатып келүүгө аргасыз.

Жумуртка

Жумуртка жалпы жонунан Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдей эле баада жүрөт. Бирок салыштырмалуу тоок чарбасы жакшы өнүккөн Казакстан менен Өзбекстанда анын баасы арзан (80-90 сом). Кыргызстан менен Тажикстанда 100-110 сомдун тегерегинде.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жумуртканын баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жумуртканын баасын чагылдырган инфографика.

Түркмөнстанда абал кыйла оор. Мында он жумуртканын баасы пандемиядан кийин 30-40 манатка чейин чыгып кеткен. Борбордук банктын курсу менен чакканда бул дээрлик 800 сом, көмүскө базардагы курс менен чакканда 165 сом болуп калат. Азыр арзандаган баа 20 манат. Бул расмий курста 300 сомдон ашык, бейрасмий курста ал 100 сомго жакын болот.

Кумшекер

Кумшекер кайра иштетилген товар болгону үчүн адатта ар бир кризистик маалда эле кымбаттап кетмей жайы бар. Өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүндө пандемияда да, эми болсо Украинадагы согуштун фонунда кымбаттады. Себеби чөлкөмгө бул азыкты көп жеткирген ошол эле Орусиянын өзүндө тартыш болду жана баасы өстү.

Кыргызстанда бир-эки жыл мурда кумшекердин орточо баасы 50-55 сом болсо, пандемиянын фонунда 70 сомдун тегерегине келип токтогон. Февралда кескин кымбаттап, азыр анын орточо баасы 90-100 сомду түзүп калды. Өкмөт азыктын бул түрү жетиштүү дегени менен тартыштык дале кала берүүдө. Муну айрым ири дүкөндөр чектеп сатканы, же өкмөттүн экспортко тыюу салганы менен түшүнсөк болот.

Казакстанда баа 320 теңгеден 460 теңгеге чейин кымбаттады. Бул 80 сомдон 100 сомго чейинки баа. Тажикстандагы нарк 13-14 сомони, же кыргыз бирдигинде 100 сомдун тегереги. Бул экөөндө тең кумшекердин дефицити сакталууда.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кумшекердин баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кумшекердин баасын чагылдырган инфографика.

Акыркы күндөрү Өзбекстанда кумшекерге байланыштуу дүрбөлөң күчөдү. Телеграмда тараган видеолордо, дүкөндөрдө тургундар узун кезегин көрүүгө болот. Натыйжада, бийлик да ар кандай ыкмаларын күчөтүп, базарга аны көп сатыкка чыгарууда. “Азаттыктын” өзбек кызматы жазгандай, июнда өткөн айга салыштырмалуу эле 50% көп кумшекер сатылат деп кабарланды. Жогорку баасы 9 миң сумдан 17 миң сумга чейин чыккан. Башкача айтканда, 122 сомго чейин чыкты.

Соңку кризистердин фонунда Түркмөнстанда кумшекердин баасы 25 манатка чейин чыгып, кайра 18 манатка түштү. Бейрасмий курс менен санасак, бул Кыргызстандагыдай эле баа болот. Бирок расмий курс менен чакканда андан 4-5 эсеге кымбат.

Картошка

Кийинки кезек картошкада. Адатта Кыргызстан бул азыкты өз керектөөсүнөн эки эсе ашыкча жыйнайт. Тургундар 700 миң тоннадай картошка жесе, өндүрүш 1,5 миллион тоннага чейин жетет. Бирок логистикалык борборлордун иши жолго коюлбагандыгынан улам анын баасы кез-кезде өйдө-төмөн болуп турат.

Өлкөнүн айрым аймактарында картошканын алдыңкы түшүмү жыйнала баштады. Анын баасы ушул тапта да орточо 53 сом болуп турат. Жыл башында, болгондо да кышта бул азык 40 сом эле.

Статистиканы карасак, Казакстанда картошканын баасы арзан саналчу. Жыл башынан бери 190 теңгеден 260 теңгеге чейин кымбаттаптыр. Башкача айтканда, 26 сомдон 38 сомго өсүптүр. Болбосо бул өлкө кенен аянты менен жылына 4 миллион тоннадай гана картошка өндүрөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү картошканын баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү картошканын баасын чагылдырган инфографика.

Өзбекстанда мындан кымбат. Аталган товардын жогорку баасы бул өлкөдө 4800 сумдан 6000 миң сумга чейин көтөрүлгөн (34 сомдон 42 сомго чейин). Демек, коңшуларда картошка тоолуу Кыргызстанга караганда арзан экен. Өзбекстандын картошка өндүрүшү 2,5 миллион тоннанын тегерегинде болуп, өлкө керектөөсүнүн жарымын гана түзөт.

Тажикстан дагы картошка менен өзүн-өзү толук камсыздабайт. Бирок маалыматтарга ишенсек, аларда да бул азыктын баасы кыйла арзан. Жыл башынан бери 3 сомониден 5 сомониге чейин өскөн (36 сом).

Түркмөнстанда картошканын баасы 10-15 манатка, башкача айтканда, 50-70 сомго чейин жеткен. Эгер акыркы кабарларды карасак, аларда баа 7-8 манат, же 35-40 сомдун тегерегинде болуп жатат. Баанын арзандашы түшүмдүн жыйнала баштаганы менен байланыштуу.

Уй эти

Чөлкөмдө эттин наркы ар бир кризисте көтөрүлөт. 2020-жылы коронавирус пандемиясы курчуп турган маалда ал 550 сомго чейин чыгып барып, мал экспортун убактылуу тыйгандан кийин кайра арзандаган. Ошондо да 430 сомдон 480 сомго чейин чыгып токтоду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, быйыл жыл башында уйдун эти Кыргызстанда орточо 478 сом болсо, учурда 486 сом болуп турат. Бирок айрым шаар-аймактарда жогорку баа 520-525 сомду түзөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уй этинин баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уй этинин баасын чагылдырган инфографика.

Казакстан менен Тажикстандагы уйдун этинин баасын сомго чаксак, ушундай эле баа чыгат. Өзбекстанда бир аз кымбат.

Түркмөнстанда эттин наркы быйыл кышта жана жаз айларында 100 манатка чейин көтөрүлүп, кайра 70 манатка чейин төмөндөгөн. 1000-1200 манат орточо айлык алган тургундар үчүн бул кыйла эле кымбат. Эгер расмий курс менен кыргыз валютасына оодарганыбызда эттин наркы бул өлкөдө 2 миң сомго чейин чыгып, кайра 1,5 миң сомго түшкөн болот.

Кой эти

Койдун эти деле уй этинин жагдайына окшош, болгону андан бир аз кымбат жүрөт. Кыргызстанда кой этинин орточо баасы жарым жылда 466 сомдон 519 сомго чейин өйдөлөгөн. Кээ бир жерлерде баа 550 сомго чейин жетип калганы статистика мекемесинин маалыматтарында келтирилет.

Казакстанда болсо 549-550 сомдук баа орточо болуп саналат. Тагыраагы, ал жакта кой эти 2900 теңгеден 3100 теңгеге кымбаттаптыр.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кой этинин баасын чагылдырган инфографика.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кой этинин баасын чагылдырган инфографика.

Тажикстанда 60 сомониден 70 сомониге чейин, башкача айтканда, 446 сомдон 503 сомго чейин чыккан. Өзбекстанда болсо койдун этинин наркы 85 миң сумга чейин, сомго чакканда 756 сомго чейин жетет.

Түркмөнстанда баягыдай эле расмий жана расмий эмес курстардын айырмачылыгынан чыныгы бааны билүү кыйынга турат. Мунун биринчисинде кой эти 1300-1400 сомго чейин бааланса, экинчи курска салсак коңшуларынан арзан баа чыгат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG