"Азаттыктын" казак кызматы жыл башындагы кандуу Январь окуяларында Казакстандын Чыкмент шаарында каза болгон дагы жети кишинин тек-жайын аныктады. Алардын эң улуусу 37 жашта, эң кичүүсү 18де болгон. Ошентип кандуу тополоңдо Чымкентте өлгөндөрдүн саны 20га чыкты.
"20 киши октон каза болгон"
Жыл башында Чымкент шаарында бийликке каршы башталган митинг башаламандыкка айланып, расмий маалымат боюнча 20 адам каза болгон. Бирок алардын тек-жайы жана өлүмүнүн себептери расмий айтыла элек.
Январь окуяларынан кийин Чымкенттин тергөө органдары “адам өлүмү” фактысы менен 20 кылмыш ишин козгоп, кийин алардын баары бир өндүрүшкө бириктирилген. 25-январда Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде иш шаардык полицияга тергөөгө жөнөтүлгөн. 4-апрелде бул берене “Кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлгөн.
20 адамдын дээрлик көпчүлүгү октон каза болгон. Алардын башына, мойнуна, денесине ок тийген.
Тергөө документинде митингчилер "мас экени" жазылган. Бирок экспертиза каза болгон жыйырма адамдын үчөөнөн гана спирт ичимдигин аныктаган.
"Азаттыктын" казак кызматына келген документте “бардык жарандар укук коргоо органдарынын огунан өлгөнү” жазылган. Прокуратуранын маалыматына таянсак, каза болгондор “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан жана "Тандем" травматикалык мылтыгынан атылган.
Ошондой эле тергөөнүн маалыматында тополоңчулар 142 милиция жана аскер техникасын өрттөп же зыянга учураткан. Макаров үлгүсүндөгү эки тапанча, 151 ок өтпөс соот кемсел, 81 калкан, 157 каска, 110 желим союл, 51 радиоприемник жана башка атайын каражаттарды уурдап кетишкен. 23 аскер кызматкери, 51 милиция кызматкери жана эки медик оор жарат алган.
"Митингчилер мас болгон, үн чыгаруучу гранаталардан, көздөн жаш агызуучу газдан жана суу бүрккүчтөрдөн коркпой, агрессивдүү кол салышкан. Мылтыктарды жана башка куралдарды колдонушуп, "молотов коктейлдерин" ыргытып, полиция менен аскерлерге ар тараптан кол салышкан", - деп айтылат тергөө документинде.
"Атайын штаб ок атууга уруксат берген"
Бирок митингчилерге ок аткандар жоопко тартылбай калган. Анткени май айында бекитилген документте шаардын прокурорунун орун басары 20 адамдын өлүмү боюнча тергөө токтотулганын айткан.
Тергөө каза болгон 20 кишиге "массалык башаламандыкка жана мыйзамсыз митингге катышкан" деген айып таккан.
"Баламдын митингге чыкканы чын. Баламдын башына ок тийген. Алар карапайым калкты атышты. Атууга уруксат берген адамдар ошого жооп берсин. Бул жерде оперативдүү штаб болгон. Оперативдүү штаб эч нерсени иликтебей, туура эмес чечим чыгарган. Баары жоопко тартылсын. Эмне үчүн карапайым элге ок атууга уруксат берип жатышат",- деди маркум Нурболат Алпамыстын атасы Мурат Абдраимов.
Ал эми маркум Баглан Шарипбайдын апасы Айкен Калыкулова маркум уулуна тагылган айып аларга оор тийгенин айтып ыйлады.
" Эмне үчүн айып тагылат? Эмнеге? Мен макул эмесмин. Эч кимдин башында мындай келбесин. Бул мен үчүн абдан оор. Бул жерде атышуу болгонун Токаев билбейби? Эмне үчүн баары карап жатышат?"
Толук тизме жарыялана элек
Казакстанда жыл башында суюлтулган газдын кымбатташына каршы Жаңы-Өзөн аймагында башталган нааразылык акциялары тездик менен башка аймактарга жайылып, ири толкундоого жол ачкан.
Митингдер Алматы шаарында кагылышуулар жана тополоң менен коштолуп, президент Токаев буга "террорчуларды күнөөлөгөн" жана "эскертүүсүз ок атууга" уруксат берген.
Башаламандык Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлеринин Казакстанга киргизилиши менен коштолуп, бул окуяларда расмий маалымат боюнча эле 238 адам каза тапканы ырасталган.
Расмий маалыматка караганда Январь окуясында 238 адам каза болгон. Коомчулук жана укук коргоочулар каза болгондордун аты-жөнүн жарыялоо боюнча көптөгөн кайрылууларга карабай, беш ай өтсө да казак бийлиги маркумдардын толук тизмесин жарыялай элек.