Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Бишкекте ысык суу 21-апрелде өчүрүлөт


Бишкек Жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек Жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жана жылуулук тармактары ишканаларында оңдоо иштерин жүргүзүү максатында 21-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкери Урмат Кубанычбек уулу 1-радиого билдирди. Анын маалыматына караганда, быйыл ысык суу 40 күн өчүрүлүп, 31-майда жанданат.

"Былтыр дагы ысык сууну 22-апрелден 1-июнга чейин өчүргөнбүз. Быйыл шаар мэринин буйругу менен 21-апрелден 31-майга чейин өчүрүлөт. Жылуулук менен камсыздоочу жабдуулар жана түтүктөр 1995-жылдан бери иштеп келе жатат. Жыл сайын жылуулук берилген мезгилде түтүктөрдүн жарылган учурлары арбын катталып, катаал шартта ыңгайсыздык жаралууда. Ошондуктан, биз келерки жылуулук сезонуна жакшылап даярдануу үчүн оңдоп-түзөө убактысын узартууну туура таптык", - деди адис.

Бишкек ЖЭБин жана жылуулук тармактары ишканаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүү максатында ысык суу жана жылуулук толугу менен бир айга жакын убакытка өчүрүлөт.

Өкмөт 2024-жылы ЖЭБди жана "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. Былтыр жыл аягында Бишкек мэриясы Жылуулук электр борборуна (ЖЭБге) республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алуу демилгесин көтөргөн.

Мэрия 200 чакырымдан ашуун жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жалпы 900 млн доллар зарыл экенин билдирген. Маалыматка ылайык, жылуулук түтүктөрү 1969-жылы, айрымдары андан да мурда ишке берилген.

2025-жылы жабдууларды оңдоо үчүн 200 млн сом, ал эми калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн.

Энергетика министрлиги жылуулук менен ысык суунун акысы өздүк наркынан төмөн экендигин, азыркы тарифтер менен жабдууларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк болбосун эскертип, тарифти жыл сайын, 1-июнда көтөрүп турууну сунуштаган.

Сунушка ылайык, 2025-жылдын 1-июнунан тарта 80 чарчы метрге чейинки батирлер үчүн жылуулук менен ысык суунун акысы 25 пайызга, 2026-жылы 50%, 2027-жылы 75 пайызга кымбаттайт. 2028-2030-жылдары тариф өздүк нарктын деңгээлине жараша көтөрүлөт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG