Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Түрк парламентинин төрагасы Кыргызстанды "Гүлен кыймылынан" сак болууга чакырды


Мустафа Шентоп.
Мустафа Шентоп.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушууда АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылынан сак болуу керек деген оюн билдирди.

"ФЕТО (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.)Түркияда иш жүргүзө албайт жана “дем ала албайт". Биз дос жана бир тууган өлкөлөргө бул коркунучтан, айрым ири өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын аппараты катары иш жүргүзгөн бул уюмдан сак болуу керектигин эскертип коюуну өзүбүздүн бир туугандык милдетибиз деп эсептейбиз. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерди ууландырууга жана бузууга багытталган ишмердүүлүгүн кайрадан кооптонуу менен байкап жатабыз”, - деди ал.

Түрк парламентинин төрагасы Түркия бул маселеде Кыргызстандан колдоо жана кызматташтык күтөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда азыр “Сапат” билим берүү мекемеси жана анын негиздөөчүсү Фетхуллах Гүленге байланыштуу талкуу кызып турат.

31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” деген семинар өткөн. Активист Гүлжигит Исаков бул иш-чара боюнча Тышкы иштер министрлигине университетке чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Университетке барып сүйлөгөн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирген.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлундагы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган.

"Гүлен кыймылы" түрк бийлигинин айыптоолорун четке каккан. Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG