Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Асанакуновду "кылтакка" илген профсоюздун акчасы


Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновду кызматтан алууну талап кылган митинг. Февраль, 2019-жыл.
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновду кызматтан алууну талап кылган митинг. Февраль, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалганын билдирди.

Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакуновго жана анын В.М. деген инициалдагы орун басарына "ишенип тапшырылган ири акчаны өздөрүнө ыйгарып алуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгону кабарланды. Буга чейин Профсоюздар федерациясынын жетекчилигин талашкан чыр-чатактардын аягы көрүнбөй келген. Профсоюз эмгекчилердин укугун коргобой эле мүлктөрү менен мүчөлүк акыларын талап-тоногон уюмга айланып калганы тууралуу сөз болду.

Асанакуновду кармоонун жагдайы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын ишмердигиндеги коррупциялык көрүнүштөр жана көптөгөн мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматтарды алып, топтолгон материалдардын жана Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мирбек Асанакунов.
Мирбек Асанакунов.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болгон Мирбек Асанакунов 2017-жылы Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына шайланган.

2020-жылы 5-февралда федерациянын жогорку кеңешинде Мирбек Асанакуновду кызматтан алуу чечими чыккан. Бирок кызматынан кетпей, анын айланасында чыр-чатак эки жылдан бери уланып келген.

Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрдү пайдалануу боюнча комиссиясынын төрагасы Элдияр Карачалов Асанакуновду кармоонун эки жагы бар экенин белгиледи:

"Буга чейин деле ар кандай кылмыш иштери козголуп, бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин эле ал иштер токтотулуп, ошол бойдон жыйынтыгын көргөн эмеспиз. Жогорку Кеңеште Профсоюз федерациясы боюнча 56 кылмыш иши бар экени айтылган. Алардын жыйынтыгы эмне болгонун билбейбиз. Бул жолу дагы ошондой болуп, жыйынтык чыкпай калбайбы деген тынчсыздануу бар. Акчанын желип кеткени боюнча маселе көтөрүп келгенбиз. Бирок бул киши Профсоюздун бир дагы мүлкүн саткан жок. Тескерисинче, ал өзү 90-жылдардан бери сатылып кеткен мүлктөр боюнча документтерди көтөрүп чыкты. Мен бир топко кошулуп алып, ал кишиге каршы чыгып жүрсөм, ошол топто мүлктөрдү сатып, маарыган кишилер бар экен."

Элдияр Карачалов, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын алдындагы нааразылык акциясында
Элдияр Карачалов, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын алдындагы нааразылык акциясында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновго карата козголгон кылмыш ишиндеги аныкталган фактылардын биринде анын мамлекеттик кызмат адамдары, жеке тараптар жана башка белгисиз кишилер менен алдын ала келишип алып, алар менен биргеликте коррупциялык байланыш түзгөн.

Анын негизинде Профсоюз федерациясынын борбордук комитетиндеги 5 миллион 756 миң 700 сом өлчөмүндө ишенип тапшырылган акчаны өзүнө ыйгарып алганы учкай маалыматта көрсөтүлдү.

Бул каражат кесиптик кошуундар уюмдарынын мүчөлүк акыларынан топтолгон каражат экени белгиленди.

Ошондой эле мурдагы төрага Мирбек Асанакуновдун жана анын орун басарынын федерациянын кыймылсыз мүлктөрү менен финансылык каражаттарын кымырып алган башка фактылары да такталып жатканы кабарланды. Мурдагы баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Абдыжапар Аккулов ар бир бийликтин тушунда профсоюздун мүлктөрүнө кызыкчылык жогору болуп келгенин белгиледи:

"Профсоюз уюму мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып калган. Мурдагы жетекчилердин аркасынан оңой эмес иштер чубалып чыгууда. Профсоюздун кыймылсыз мүлктөрүн менчиктештирип, жер аянттарын кертип туруп, сатып жиберген учурлар болгон. Мына ошол мүлктөрдү алып, байлыкка туйтунушкан".

Асанакуновдун үйүн тинтүү учурунда анын жертөлөсүнөн электрондук аппарат, майнинг-фермалар табылган. Атайын кызмат анын мыйзамдуулугун тергөө текшере турганын маалымдады.

Мындан сырткары кылмыш ишин тергөөдө Мирбек Асанакуновдун Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагалыгына шайлоодо кызматтык талаптарга туура келбестигин түшүнүп, эмгек китепчесине кайсы бир курулуш ишканасынын профсоюз уюмун жетектегени тууралуу жасалма эмгек стажын жаздырып алганы аныкталган.

2019-жылы парламентке Профсоюз федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун ыйгарым укуктарын кеңейткен "Кесиптик кошуундар жөнүндө" мыйзам долбоору түшкөн.

Бийлигин чыңдоонун аргасы

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул мыйзам долбоорун өткөрүүдө кызыкчылыктар кагылышы бар экенин айтып чыккан:

Элвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты.
Элвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Аялы комитеттин төрайымы болсо, күйөөсү Профсоюздар федерациясынын төрагасы болуп туруп, комитетте ал сунуштаган мыйзам долбооруна аялы добуш берип жатканы бул деген адаттан тыш кызыкчылыктар кагылышы. Бул деген бардык ченемдерди адаттан тыш бузуу. Мен сизге Мирбек Асанакуновдун ишмердигин кошуп, ар бир маселени өзүнчө кароого кеңеш берет элем. Анын өзүн жүз жолу текшеришкен. Канчалаган кылмыш иши ачылып, канча деген сот жараяны жүрдү. Эмне үчүн чечилбей келди? Анткени түздөн түз коргоо жана кызыкчылыктар кагылышы болуп жатат."

Мирбек Асанакуновдун адвокатынан анын кармалышы боюнча пикирин билүүгө мүмкүн болбоду. Анын жубайы былтыр күзүндө экинчи ирет Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясынан депутат болуп келген.

Гүлкан Молдобекова комитетте күйөөсүнүн кызыкчылыгын коргобой турганын айтып, дооматты четке каккан:

Гүлкан Молдобекова, Жогорку Кеңештин социалдык иштер, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы.
Гүлкан Молдобекова, Жогорку Кеңештин социалдык иштер, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы.

"Асанакуновго кылмыш иши козголгонун билем деп жатасыз. Кылмыш иши козголгон болсо, аны факты менен айтыңыздар. Бирок сиз ал кишинин баскан жолу менен тажрыйбасына жетиш үчүн көп убакыт керек. Мен ал кишинин жубайы болсом эле бул жерге отурбашым керекпи? Мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаланып жатам. Мен жетектеген комитет мына ошол мыйзам долбоорун караш керек экен. Мыйзам чегинде калыс карадык. Ага бардыгы катышты".

Парламенттин экс-депутаты Мирбек Асанакунов 2010-2012-жылдары эки ирет Ысык-Көл облусун жетектеген. Ортодо ал Бишкек эркин экономикалык зонасын башкарып турду.

Ага мурда да Ысык-Көл Өнүктүрүү фондунун акчасын кымырып алган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бирок кийин иш белгисиз себептер менен кыскарып кеткени белгилүү.

XS
SM
MD
LG