Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Депутат бала асырап алуу шартын жеңилдетүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт. Бул жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Бул жаңылыкка тиешеси жок.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө бала асырап алуунун жол-жобосун жеңилдетүү керек деп эсептейт. Анын айтымында, учурда каалоочулар шарттардын таттаалдыгынан балдар үйүнөн бала багып алуудан баш тартууда.

“Тилекке каршы бала асырап алуу абдан таттаал. Аны биздин жарандарга жеңил кылышыбыз керек. Бала, кыз багып алууну каалагандар көп. Бирок, шарттарынын татаал жана узактыгынан баш тартып жатышат”, - деди депутат.

Бекешев ата-энеси таштап кеткен балдарды каалоочу жарандарга асыроого берүүнү туура деп эсептейт.

Бала багып алгысы келгендер бул процедура жеңил эмес экенин, толгон-токой документ топтоп, жылдап кезек күтүү зарыл экенин айтып келишет. Адистер муну бала сатууга жол ачкан факторлордун бири катары баалашат.

2020-жылдагы расмий маалымат боюнча акыркы беш жылда Кыргызстанда 4241 бала асыроого берилген. Анын ичинен 91 баланы чет өлкөлүк жарандар багып алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG