Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Китеп окуган балдардан боорукер инсандар чыгат


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Америкадагы Moppet Books басма үйүнө таандык Фредрик Колтиң жана Мелисса Медина түзгөн "Эмне үйрөнө алам?" (What I can learn from?..) китептер топтому кыргызчаланды. Төрт китептен турган сериянын ар бири ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалын баяндайт.

Түстүү сүрөттөр менен кооздолгон бул китептин автордук укугун алып, кыргызчалаган “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев жана белгилүү педагог Асылбек Жоодонбеков менен балдар эмнени окушу керек, алардын табитин кантип табабыз деген талкуу уюштурдук. Балдарга ылайыкталган эмгектердин Кыргызстанда жагдайы тууралуу суроолорго жооп издедик.

- Алды менен дал ушул сыясы кургай элек, жаңы жарык көргөн эмгектерден баштайлы. "Эмне үйрөнө алам?" китептер топтомун эмне себептен тандап алдыңыздар? Кыргызстандык балдар үчүн эмнеси менен кызыктуу жана пайдалуу?

Бакытбек Абдуллаев: Бул китептер жеке демилгеден башталды. Эки-үч жылдан бери үйдө балдарым менен ушул китептердин орусчасын окуп калдык. Балдарым абдан таасирленди. Сүйлөгөндө Фил Найтты, Иңвар Кампрадды, Стив Жобсту мисал кыла баштагандарын көрдүм. Демек, кыргызча которсок болот турбайбы деген ой келди.

Бакытбек Абдуллаев.
Бакытбек Абдуллаев.

Негизи бул китептер кымбат – орусчасы 490-500 сом, англис тилиндегиси 15 доллар экен. Бирок кеп анын акчасында эмес. Балдарым абдан таасирленгенин көрүп, башкалар дагы окусун деп ойлодум. Ошентип басуу укугун алууну чечтим. Алгач Moppet Books басма үйү менен байланышуу кыйын болду. Бир жылдай улам кат жазып, башка каналдар аркылуу чыгып, байланыштык. Алар макулдугун берди. Басма үйүнө калем акысын төлөдүк.

Асылбек Жоодонбеков: Компьютер менен байланышкан, азыркы бренддер менен байланышкан адамдарды балдар интернет аркылуу жакшы тааныйт, билет. Ошол эле Стив Жобс, Фил Найт. Анан сыртка чыккан кишилер IKEA кандай дүкөн экенин билет. IKEA дүкөндөрүнө кирсең, ичи өзүнчө эле искусство да. Биздин балдар тааныша берсин дедик. Анан бул үчөөнүн ичинен америкалык теле алып баруучу Опра Уинфринин дагы орду бар. Бакыт айтканда эле дароо колдоп, кел ушуларды кыргызчалайлы дедим. Экөөнү которууну колума алдым. Анан балдардын табитине ылайыктап, улам-улам редакциялап, жалпак тилге салып, жөнөкөй сөздөр менен котордук.

Асылбек Жоодонбеков.
Асылбек Жоодонбеков.

Менимче, балдарга дал ушундай китептер керек. Жиптин учун карматып койсок, бала андан ары издене берет. Кээде шыктанат, кээде маанайы түшөт дегендей. Бул абдан пайдалуу болот деген ойдомун.

- Бүгүнкү смартфон, гаджет, компьютердин заманында китеп окуу менен технологиялардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу ортосундагы теңсалмактуулукту кантип сактайбыз деген суроо ар бир ата-энеде бар. Экөөнү тең бала өзүнө пайдалуу иштете билиш үчүн ата-энелер эмнеден башташ керек?

Бакытбек Абдуллаев: Китеп окуу көндүмүнө келсек, чоңдор окубаса, бала окубайт. Алар көргөнүн кылат. Биз үйдө күндө кечинде китеп окуганга аракет кылабыз. Кээде чарчап, көңүл келбесе апасы окуп берет. Экөөбүз тең окуп бербей калсак, китеп окубайлыбы деп келишет. Азыр кичинебиз дагы тамга таанып окуп калды, өздөрү эле бири-бирине окуп бере баштады. Эмнени окуш керек дегенде ата-эне изденүүгө тийиш. Бала бакчадан, мектептен күтө берген бүгүн реалдуу эмес. Андан кийинки кадам, эмнени окутабыз? Ата-эне китепканага, китеп дүкөнгө барабы? Маселе ушунда.

Асылбек Жоодонбеков: Бул жерде абдан маанилүү нерсе – балдар үчүн, ата-эне, педагог, балдар жазуучулары үчүн дагы ар бирине өзүнчө токтолуш керек. Буга чейин билесиздер, балдар жазуучулары “балдар үчүн” деп эле койгон. “Балдар үчүн” деп эле китеп чыгарып коебуз, бир канча беттен турат. Ичинде төрт-беш сүрөт коюп салабыз. Анан эле ата-энелер “аа, бул балдар үчүн” экен деп сатып алат.

-Көрсө, балдар үчүн эмес, балдар жөнүндө болот.

Асылбек Жоодонбеков: Ий, балдар жөнүндө болуп калат. Эки-үч жаштагы бала текстке көңүл бурбайт. Ал 90 пайыз сүрөттөрдөн туруш керек. Батышта бул абдан жолго коюлган. Жаш курагына ылайыкталып коюлган. Мисалы, “0+”, “12+” деп, ар бир куракка ылайыкталган эмеспи. Бүгүнкү күндө муну Кыргызстанда “Келгиле, окуйбуз”, буга чейин “Бирге окуйбуз” долбоору ишке ашырып келе жатат. Бул башталгыч класстын балдары үчүн. Балдар жазуучулары тренингдерден өтүп, дүйнөлүк адабият менен аралашуусу керек экен.

Мисалы, бир жашка чыккан балага дагы китеп окуу маданиятын үйрөтсө болот. Бирок ал китеп картондон болушу зарыл. Барак болсо, шак эле айрыйт да. Ушул жаатта дүйнөлүк адабият өнүктү. Биз баланын жашына ылайыкталган китептерди таап беришибиз керек. 10-11 жаштагы балага ылайыкталган китепти, андан жаш балага берип, айрылып калса “окубайт, айрып салат” экен деп тыянак чыгарып койгондор бар. Демек, ата-эне, педагог, адистер дагы кайсы китепти, кайсыл учурда беришти билиши керек. Ар биринин негизи, усулу бар. Дүйнөлүк тажрыйбага, ошол негиздерге таянсак, баланы китеп окууга багыттай алабыз. Гаджеттер, телефон бүгүнкү күндө дүйнө таанымдын бир жолу. Бирок ошону дагы ата-эне багыттаса болот да. Мисалы, Стив Жобсту окуп, келгиле эми Ютубдан ушул жөнүндө маалымат издейли деп.

"Эмне үйрөнө алам?" китептер топтому.
"Эмне үйрөнө алам?" китептер топтому.

- Эми балдардын табитин тапкан китептер Кыргызстанда жазылып жатабы деген суроого келсек.

Асылбек Жоодонбеков: Балдар жазуучулары бар. “Келгиле, окуйбуз” долбоору балдар жазуучулары менен иштеп жатат. Долбоор башталгыч класстарга багытталгандыктан көбүнчө мектепке чейинки курактагылар калып кетип жатат. Бул жаатта жеке демилгечилер китептерди басууда. Албетте, бүгүнкү күндө баары эле талапка жооп берет деп айта албайбыз. Бирок изденүү бар. Бул багытта жасай турган, издене турган иштер өтө көп.

- Ушул жерден мен дагы оюмду айта кетейин. Ата-эне окуш керек деп калбадыңыздарбы? Коомдо ар кандай агрессия, терс окуяларды көргөндө, эмпатия деңгээлибиз кандай болду экен деп ойлоном. Китеп окубай жүрүп, башкалар үчүн кабатыр болгонду унуткан муун жетилдиби деп каласың. Сиздердин пикир кандай?

Асылбек Жоодонбеков: Албетте, дегеле биздин бүгүнкү коом агресивдүү. Мен кайдан байкайм, коомдук транспортко түшүп көрүңүздөр, мектептерге барганда дагы чыңалуу байкалат. Мугалимдер арасында чыңалуу бар. Бардык мектептерде эмес, бирок байкалат. Көрүп жатабыз, кечээ эле Токмокто, Кеминде, түштүк тарапта мектептерде балдар мушташты. Эмпатия деп жатабыз, өзүн башкалардын ордуна коё билүү, аёо, боорукерлик сапаттары жок болуп бара жатат.

Биз Win-win деген (эки тарап тең утушта болуу) стратегияны эмес, Win-lose дегенди колдонуп жатабыз. Win-lose деген эмне? Бул жерде сөзсүз жеңүүчү тарап болуш керек. “Келгиле, ата-энени жазалайлы”, “Жок, мугалимди эмне жумуштан чыгарып саласыңар. Окуучунун тилин карагылачы” деп, улам-улам бири-бирибизден күнөө издеп жатабыз. Андан көрө кызматташуунун, тил табышуунун, түшүнүшүүнүн жолун издебейлиби. Ошого барбай жатабыз да. Керек болсо, парламентте депутаттык деңгээлде башка бирөөнү түшүнүү ордуна, аны жазалоону ойлоп жатабыз.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:
Китеп окуган балдардан боорукер инсандар чыгат
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:52 0:00

- Мына, китепти эмне үчүн окушубуз керек дегенге жеттик. Бакытбек мырза, китеп окуу балдар үчүн, коом үчүн канчалык зарыл экенин, окубаган коомдогу кесепеттер көп болорун ата-энелерге кантип түшүндүрө алабыз деген суроого эми сиз жооп издеп көрүңүз.

Бакытбек Абдуллаев: 2003-жылы Америкада жүргүзүлгөн изилдөөлөр бар. Изилдөөчүлөр үч жашка чейин балдардын тарбия жараянын изилдейт. Анан социалдык абалы ар кандай үй-бүлөлөрдү тандап алышкан. 36 айдан кийин бир өзгөчөлүктү байкашат, жогорку билимдүү 14 бүлөнүн баласы 45 млн. сөз уккан болот. Төмөнкү катмардагы бүлөдөгү бала 15 млн. ортоңкусу 30 млн. сөз угат. Баланын нерв клеткалары 36 айга чейин 90 пайыз калыптанат. Балдарга ошол куракта эмне берсең, ошону губка сыяктуу соруп алат. Жогорудагы изилдөөдө көп сөз уккан балдар ата-энеси сүйлөшкөн сөздөрдүн маанисин түшүнө баштаган. Кийин алардын сөз байлыгы кенен, идеяга бай болушат. Төмөнкү катмардагы балдар, күнүмдүк эле турмуш-тиричиликте колдонулган сөздөрдү көп угуп чоңоюшат. Айталы, чай ичем, нан жейм деген сыяктуу. Изилдөөчүлөр бай-кедей ажырымы кенже куракта эле башталганын белгилешкен. Ошондуктан ата-энелер окуш керек, сабатын арттырышы зарыл.

Асылбек Жоодонбеков: Агрессия деген да ушундан улам болуп жатпайбы. Мисалы, дайыма ата-эне балага агрессия көрсөтүп жатпайбы. Баланы, өзүнөн алсыздарды токмоктоо нормага айланып баратат. Андан алыс кетип, мугалимдердин окуучуга кол көтөргөнүн коомдо колдогондор аз эмес экен. Бакыт айткан "кенже курактагы катастрофа” деген ушул да. Демек, алар изденбейт, кирме-чыкма. Биздин эң чоң трагедиябыз - адистерди укпай калдык. Ар бир тармакта адискөй адамдар бар, алар ошого өмүрүн арнаган да. Ушул сыяктуу нерселерди талдашыбыз керек. Мисалы, азыр Фил Найтты, Стив Жобсту көрсө эле “аа, булар батышка буруп жатат” деп, лагерлерге бөлүнүү күчөдү. Бир көз караштагы адам башка көз караштагы адамдарды таптакыр кабылдабаган коомго келдик. Тосмо коюп эле, коркунучтуу чекке жеткен дагы учурларыбыз бар, тилекке каршы.

- Менин жогорудагы суроомдун төркүнү деле ушул. Балким, коомдо окумал кишилердин тараза ташы оор болсо, ушундай нерселер болбойт беле деген пикир.

Асылбек Жоодонбеков: Сөзсүз. Окумал дегенде, PISA (мектеп окуучуларынын жетишкендиктерин эл аралык баалоосу), PIAAC (эрезеге жеткендердин компетенттүүлүгүн баалоо боюнча эл аралык программа) изилдөөлөр бар. PISA боюнча биздин балдардын дээрлик 80 пайызы окуган текстин түшүнбөй жатат. Бул 15 жаштагылар. Ал эми PIAAC – 16-65 жашка чейинки курактагыларды изилдөөгө алды да. Көрсө, ошолордун 60 пайызы элементардык, базалык окуу көндүмдөргө ээ эмес экен. Алар математикада элементардык эсептерди чыгарууда, андан сырткары окуган нерселерин түшүнүүдө кыйналат. Биз бүгүн мугалимдер, ата-энелер балдардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча, жигердүү, системалуу иштерди алып барышыбыз керек.

- PISA изилдөөсүнө Кыргызстан 2009-жылы катышкан эмеспи. Ошондо кыргызстандык окуучулар көп көрсөткүчтөр боюнча дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндөгү курбалдаштарынан бир топ жыл артта калганын байкоого болот. Андан бери кырдаал оңолдубу? Окурмандык жагынан көрсөткүчтөр кандай?

Бакытбек Абдуллаев: Ооба, андан кийин дагы башка изилдөөлөр болгон. Окумалдыгын карасак, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары бар да. Ошол жерде Кыргызстанда китептердин санын карай турган болсок, 2021-жылы өтө түшүп кетти. 990 миң китеп басылып чыгыптыр. Бул жети кишиге бир китеп туура келет дегендик. 800 миң аталыштагы китеп чыккан. Мунун ичинде балдар адабиятын карай турган болсок, жалпы нускасы 275 миң. Былтыркы жылы 395 миң китеп чыккан. Ушундан жыйынтык чыгарсак болот.

XS
SM
MD
LG