Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Орусиянын армиясы Херсондо чегинди


Украин аскерлери. 28-май, 2022-жыл.
Украин аскерлери. 28-май, 2022-жыл.

Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаары жарым-жартылай орус армиясынын көзөмөлүнө өттү. Ал эми украиналык аскерлер Херсон облусун бошотуу аракетин көрүп жатат. Евробиримдик орус мунайын жыл аягына чейин 90% чектөө чечимин кабыл алды. Москва Нидерландга газ берүүнү токтотту.

Северодонецк шаары жарым-жартылай орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай ырастады. Анын айтымында, учурда калаанын ар бир көчөсү үчүн салгылашуу уланууда. Аймактагы орусиячыл жикчилдердин лидери Леонид Пасечник белгилегендей, шаардын төрттөн үч бөлүгү «алардын карамагында».

31-майда Британиянын чалгын кызматы дагы Северодонецкини артиллериялык аткылоо уланып жатканын ырастады.

Маалыматка караганда, Москва бардык күчүн Донбасска топтогондуктан алдыга жылууга мүмкүнчүлүк жаралган, бирок башка аймактарда артка чегинүүгө аргасыз болууда.

Киев ырастагандай, украин күчтөрү орус аскерлерин Тошковка айылынан сүрүп чыгышты.Бул Москвага Луганск облусун толук курчоого алууга тоскоолдук жаратат.

Ошондой эле Украинанын Башкы штабы "душман чоң жоготууларга учурап, Херсон облусунун Николаевка айылынан сүрүлдү. Бул орусиялык куралдуу күчтөрдүн башка бөлүктөрүндөгү аскерлер арасында дүрбөлөң жаратты" деген билдирүү таратты. Украинанын президенти Владимир Зеленский да бул маалыматты ырастады.

"Херсон үчүн салгылашуу уланууда. Биз өз жерибизди акырындык менен бошотуп, Орусия өзү куралын таштап, жоготуусун санап, дипломатиялык жолго түшө турган чекке да жетебиз. Акыры ал ушуга барат", - деди Зеленский 31-майга караган түнү жасаган кайрылуусунда.

Аскердик эксперттердин баамында, Орусия Украинага Батыштан көбүрөөк аскердик жардам келгиче Донбассты толук өз карамагына алууга үлгүрүп калуу аракетин көрүүдө.

Евробиримдик орус мунайын 90% чектейт

31-майга караган түнү Евробиримдиктин лидерлери орус мунайына жарым-жартылай чектөө киргизүүнү караган Орусияга каршы санкциялардын алтынчы айлампасын кабыл алды.

Тактап айтканда, Орусиядан деңиз аркылуу келген мунайга чектөө коюлат. Ал эми "Достук" кууру аркылуу Венгрия, Словакия жана Чехияга өтчү мунайга кедергиси тийбейт.

"Лидерлер Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакети боюнча дээрлик бир мунасага келгенине кубанычтамын. Бул абдан маанилүү. Эми Еврокеңеш жыл аягына чейин орус мунайын импорттоону 90% чейин чектей алат", - деди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. 31-май, 2022-жыл.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. 31-май, 2022-жыл.

Венгрия буга чейин орус мунайын толук чектөөгө каршы чыккан. Май айынын башында мамлекеттик телерадиого курган маегинде премьер-министр Виктор Орбан орус мунайына эмбарго киргизүү планын мажар экономикасына ташталган "атомдук бомбага" салыштырган. Словакия да каршылыгын билдирген. Ал эми Чехия бир аз убакыт керек экенин кыйыткан.

31-майда Венгриянын өкмөт башчысы Орбан "Венгрия мунай эмбаргосунан куткарылды" деп Фейсбукка жазды.

Bloomberg басылмасы белгилегендей, мындай шартта Орусиянын шаркеттен алчу жылдык кирешеси 22 миллиард долларга төмөндөйт. Ал эми Венгрия, Чехия жана Словакияга мунай экспорттоодон жылына алты миллиард доллардан киреше табат.

Шаркеттин лидерлери Орусиянын "Сбербанкын" SWIFT системасынан ажыратууну жана санкциялык тизмени кеңейтүүнү чечти.

Орусия Нидерландга газ берүүнү токтотту

Орусия Нидерландга көгүлтүр от берүүнү токтотту. "Газпром" компаниясы 31-майда билдиргендей, буга Амстердамдын газ үчүн рубл менен төлөөдөн баш тартканы себеп болду.

Нидерланддын GasTerra компаниясы өз кадамын рубл менен төлөө Евробиримдиктин санкцияларына каршы келерин жана бир катар каржы тобокелдиктери менен коштолорун түшүндүрдү.

"Интерфакстын" маалыматына караганда, 2020-жылы Нидерланд 36,6 млрд. метр куб газ керектесе, анын 11,2 млрд. метр кубу Орусиядан алынган. Газ таңкыстыгы жаралбашы үчүн нидерланддык компания суюлтулган газды иштетип чыгаруучу терминал кура баштады.

Москва буга чейин Польша, Болгария жана Францияга ушундай эле жүйө менен газ берүүнү токтоткон. Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш Москвага болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды салып, Кремл болсо "дос эмес мамлекеттерге" жаңы талаптарды койгон. Азырынча мындай шартка Венгрия эле көндү. Орусия Данияга да газ берүүнү токтотушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG