Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

ЖАМК абактан качкан 17 адам изделип жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда абактан качканы үчүн издөөдө жүргөндөрдүн жалпы саны азыр 17 адам экенин 31-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиев билдири.

Анын айтымында, өлкө эгемендик алгандан бери түзөтүү мекемелеринен 61 соттолгон адам, анын 40ы жер астынан казылган жол аркылуу, жетөө тосмодон өтүп качып чыккан. Бир адам ооруканада жаткан кезинде, 13 адам башка да себептер менен качып чыгууга үлгүрүшкөн. Алардын 58и кармалып, кайра абакка кайтарылган.

Эгембердиев билдиргендей, соттолгон адам коштомо күзөтсүз жүргөндө качып кеткен же бошотуу тууралуу токтом жокко чыгарылган айрым фактылар жалпы статистикага кирбей калган, андыктан ошондой учурларды кошкондо жалпысынан издөөдө жүргөндөр 17 деп эсептелет.

Кыргызстанда жаза аткаруу системасына караштуу 27 мекеме бар, алардын 11и түзөтүү колониясы, 10у жатак абак, алтоо тергөө абагы. (RK)

XS
SM
MD
LG