Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Ирандын Абадан шаарында өкмөткө каршы акция уланууда


Абаданда урап түшкөн имараттын жанына чогулгандар.
Абаданда урап түшкөн имараттын жанына чогулгандар.

Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясынын борбору Абадан шаарында жүздөгөн адам эки күн катары менен нааразылык акциясына чыгышты.

Буга толук курулуп бүтө элек имарат кулап, ондогон адамдын өмүрүнүн кыйылышы түрткү болду.

Демонстранттар кырсыкка күнөөлүүлөрдү, анын ичинде Абадандын мэрин жана шаардык кеңештин өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Интернетке чыккан видеолордо нааразылык акциясына чыккандардын айрымдары Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге каршы ураандарды чакырып жатышканын көрүүгө болот.

Ошондой эле алар аза күтүп жаткан маалда режимдин тарапташтары 26-майда Тегерандагы «Азади» стадионунда шаан-шөкөт уюштурганын сынга алышты.

Каршылык акциялары Хорамшехр жана Исфахан шаарларында да өттү.

Бийликтин маалыматына караганда 23-майда болгон кырсык 24 адамдын өмүрүн алган. 40ка жакын адам жаракат алышкан. Урандылардын алдында дагы адамдар калышы мүмкүн экени кабарланууда.

26-майда Али Хаменеи окуяны териштирүүгө жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырды.

XS
SM
MD
LG