Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

SuperTV телеканалынын кызматкерлерине Жогорку Кеңешке кирүүгө уруксат берилди


SuperTV телеканалы кызматкерлеринин Жогорку Кеңештин имаратына киришине уруксат берилгенин 26-майда билдирди.

Телеканал тараткан билдирүүсүндө буга чейин киргизилген чектөөнү Баш мыйзамга каршы аракет катары баалап, Жогорку Кеңештин тиешелүү жетекчилерин айыптаган.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов да бул маалыматты ырастап, телеканалдын жетекчилиги менен сүйлөшүп, эки тарап бир пикирге келишкенин билдирди.

SuperTV телеканалынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы менен депутат Надира Нарматованын окуясынан кийин каналдын бардык журналисттерине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынган болчу. Эркинбек Каимов бул маселе SuperTV каналынын жетекчилиги менен сүйлөшүү болгондон кийин чечилерин айткан эле.

Канал мындай чектөөнү маалымат алууга тоскоолдук катары баалап, мыйзам бузулуп жатканын айткан. Алар парламенттин басма сөз кызматы чечимге кагаз түрүндө түшүндүрмө беришин талап кылган.

11-майда Тахмина Кенжебек кызы Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөндө депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Депутат тамак ичип отурганда тартпоо керектигин айтып, ортодо пикир келишпестик болгон.

Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациядан өтөт. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин журналисттер парламентке тизме менен эле киргизиле баштаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG