Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Орусия Украинанын чыгышында чабуулун күчөттү


Украинанын куралдуу күчтөрү атып түшүргөн Орусиянын аскердик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын куралдуу күчтөрү атып түшүргөн Орусиянын аскердик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунда жаткан 2,5 миңдей украин аскери толук багынып бергенин жар салды. Алар дээрлик үч айдай убакыттан бери камоолдо калганына карабай багынбай келатышкан.

Мунун фонунда орус күчтөрү Украинаны чыгышында чабуулун күчөттү. Сүйлөшүүлөр дале жандана элек.

“Азовчулардын” тагдыры

Орусиянын агрессиясына каршы Украинанын Мариуполдогу эң акыркы таянычы болуп калган "Азовсталь" заводу узаган аптанын жыйынтыгы менен толук орус тараптын карамагына өттү. Орус аскерлери шаарды кол салуунун алгачкы күндөрү эле басып алганы менен “азовчуларды” соңку убакытка чейин багынта алган эмес.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков расмий билдирүүсүндө бул жөнүндө мындай деди:

Игорь Конашенков
Игорь Конашенков

“Ишкананын жоочулар жашынып жаткан жертөлөлөрү толугу менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. 16-майдан ушул күнгө чейин 2439 украиналык аскер жана “Азовдун” жоочулары куралын таштап, багынып берди”.

“Азовсталь” заводундагы аскерлер эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен өткөн аптанын башынан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Орусияга чыгарыла баштаган. Аскердик туткундар андан ары абактарга киргизилип жаткан.

Украин бийлиги мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, “украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын” билдирген. Москва аларды “багынып бергендер, аскердик туткундар” деп атап жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Азовчулардын" тагдырына эми Москва менен арачылар жооп берерин маалымдады:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Мындан ары баары атайын милдеттеме алган Бириккен Улуттар Уюмунан, Кызыл Чырым комитетинен жана Орусия Федерациясынан көз каранды. Алмашуунун бул же тигил формасы иштелип чыкканга чейинки аскерлердин коопсуздугу ошолордун колунда. Бул жараянды, өзгөчө алмашуу, эвакуация жана сүйлөшүү иштерин биздин чалгын кызматы алып барууда”.

Мунун алдында Орусиянын Мамлекеттик Думасында "Азов" полкунун аскерлерин Украинага өткөрүп бербөөгө чакыргандар да чыккан. 17-майда Орусиянын Башкы прокуратурасы Украинанын “Азов” полкун террордук уюм деп таанып, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Ушундан улам заводдон чыгарылган украин аскерлеринин мындан аркы тагдыры белгисиз бойдон турат.

Чабуулдар жана сүйлөшүүлөр

Бул арада Орусиянын аскерлери Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы чабуулдарын кайрадан күчөттү. Артиллериялык, ракеталык жана авиациялык аткылоолор ушул күндөрү Луганск, Донецк, Николаевск жана Херсон облустарында кескин жанданды. Бирок украиналык аскерлер айрым жерлерде туруштук берип, Орусиянын күчтөрү кайра артка чегинүүгө аргасыз болгон.

Украин бийлиги орус тарап келишимге келген күнү ээлеген жеринде калуу үчүн мүмкүн болушунча көп аймактарды басып алууга аракет кылып жатканын билдирүүдө. Ошол себептүү расмий Киев жакын арада тынчтык келишимине жетүү ыктымалдыгын четке кагууда.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк муну мындайча чечмелейт:

Михаил Подоляк
Михаил Подоляк

"Ошондуктан алар Украинанын чыгышында күчөтүлүп жаткан согуштун жаңы фазасына басып жасашууда. Алар кандайдыр бир кыска аскердик жеңишке жетүүнү көздөп жатышат. Албетте, биздин батыштагы өнөктөштөрүбүз берип жаткан жардамды эске алганда аларда аскердик жеңиш болбойт. Ийгиликке жетпейт, бирок согуш бир топко созулуп кетет. Орусия өзү койгон аскердик максаттардын бирине да жете албай турганын түшүнгөндөн кийин гана кайрадан сүйлөшүү жараянына келебиз”,-деди ал.

Орусия Украинага кол салгандан кийин башталган Москва менен Киевдин тынчтык сүйлөшүүсү өткөн аптада үзгүлтүккө учураган. Украин бийлиги орус аскерлери алардын аймагынан чыгып кеткенге чейин сүйлөшүүлөрдүн уланышы күмөн экенин билдирүүдө.

Британиянын чалгын кызматы мунун алдында Мариупол шаарындагы украин аскерлери чыгарылгандан кийин Москва чабуулдарын күчөтөт деп эскерткен эле.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору – “Настоящее Время” телеканалына курган маегинде орусиялык саясий талдоочу Станислав Белковский кырдаалга төмөнкүчө баа берди:

Станислав Белковский
Станислав Белковский

“Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөр башынан тартып эле жасалма болчу. Ошондуктан 29-марттагы Стамбулдагы кездешүүлөрдөн кийин мен буга дагы да көбүрөөк ишенгем. Рабинович тууралуу бир аския бар. Ал: “большевиктер менен менин жерге байланыштуу гана чакан келишпестигим бар, мен жерде алар жатыш керек деп эсептейм, а большевиктер жерде менин жатышымды каалашат” деп айткан. Ошол сыңары Владимир Путин Украинанын капитуляция болуп беришин, Крымда, Донбасста Орусиянын юрисдикциясын таануусун каалайт. Украина куду ушунун тескерисин каалайт жана мындай шартка барууга даяр эмес. Ошондуктан согуштук аракеттер кеминде жайдын ортолоруна чейин активдүү фазада уланат. Анднан кийин узакка созулган позициялык согуш башталат. Жакын арада тынчтык сүйлөшүүсү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес”,- деди ал.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына 24-февралда басып кирген. Киев үч ай ичинде орус аскерлеринин жоготуусу 29 миңге жеткенин кабарлоодо. Мартта миңдей аскери өлгөнүн ырастаган Москва курмандыктар тууралуу ошондон бери расмий маалымат бере элек.

Британиянын Чалгын кызматы дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Орусия үч айдын ичиндеги жоготуулары СССРдин Ооганстандагы он жылдык согушундагы көрсөткүчкө тете экенин жарыялады.

Беларус фронту

Беларустун Украина менен чектешкен жерлеринде кайрадан аскерлер топтоло баштаганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады. Мекеменин билдирүүсүндө, Беларустун Куралдуу күчтөрү чек арада чалгын иштерин жандантты жана Гомел облусундагы райондорго кошумча күчтөрдү тартып жатат.

“Беларус Республикасынын аймагынан ракеталык жана авиациялык сокку уруу коркунучу сакталууда”,- деп айтылат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсүндө.

Андан кийин Беларустун Коргоо министрлиги маалымат таратып, аскердик техниканы текшерүүнүн кезектеги этабына өткөнүн, бул жөн гана жоокерлердин ыкчамдыгын жана күжүрмөндүгүн баалоо экенин кабарлады.

Беларус расмий түрдө Украинадагы Орусия баштаган согушка катышкан эмес. Бирок орус аскерлерине өз аймагы тууралуу украин жергесине өтүүгө уруксат берген. Кийин Орусиянын күчтөрү Киевден жана Чернигов багыттарынан тизгинин артка тартып, кайра Беларус аркылуу чыгып кетишкен. Ошол себептүү Украина бийлиги Беларус тараптан кайрадан кол салуу ыктымалдыгын дале айтып келатат.

Буга 23-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларусту башкарып жаткан Александр Лукашенконун Сочиде жолукканы да түрткү болуп калды. Украинадагы огуш талкууланган бул кездешүүдө Путин менен Лукашенко “өздөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө импульс бергени үчүн” Батыш мамлекеттерине “ыраазычылык” билдиришти.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG