Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Согуш кылмышына айыпталган орусиялык аскер күнөөсүн моюнуна алды


Вадим Шишимарин
Вадим Шишимарин

Орусиялык аскер Вадим Шишимарин Киев сотунда Украинанын Сумы районунда 62 жаштагы куралсыз карапайым кишини өлтүргөнүн моюнга алды. Тергөөнүн маалыматына караганда, маркум Чупаховка айылында велосипед менен баратканда башына ок жеген. Окуя 28-февралда болгон.

21-жаштагы Шишимарин украин жергесиндеги согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан орусиялык алгачкы аскер. Аны "Уруштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" беренеси менен соттошууда.

Украинанын Коопсуздук кызматы тараткан видеодо Шишимарин ал бараткан колонна аткылоого туш болгондо, жанындагы бир нече киши менен бирөөнүн машинасын тартып алышканын айтып берген. Андан кийин аскерлер телефондон сүйлөшүп, велосипед тээп бараткан кишини көрүшкөн. Шишмарин аны атуу буйругун алганын айтты.

Орус жоокери кандай жагдайда туткундалганы такталган жок. Иркутсктан чыккан Шишимарин Москва облусундагы танк дивизиясындагы отряддын командири болчу. Күнөөлүү деп табылса, ал өмүр бою абакка кесилиши ыктымал.

Өткөн айда Украинанын Башкы прокурору Ирина Венедиктова согуш кылмыштарына шектелген 10 аскер аныкталганын, тергөөчүлөр далилдерди чогултууну улантканын, алар узун тизмедеги алгачкы кишилер экенин айткан.

12-майда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши орус күчтөрү убактылуу көзөмөлдөгөн аймактардагы кыйноолорду, адам өлтүрүү, сексуалдык ыдык көргөзүү жана башка кыянат иштерди иликтөө сунушун жактырган.

Орусияда да украиналык аскерлердин үстүнөн Донбасстагы тынч тургундарды аткылыган деген иш козголгон. Аларга айып тагылды.

XS
SM
MD
LG