Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

Нарындын тургундары жол көйгөйүн чечүү талабы менен бийликке кайрылды


Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү Ийри-Суу айылы
Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү Ийри-Суу айылы

Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тургундары 16-майда райондук акимчиликтин алдына чогулуп, жол көйгөйүн чечүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, аталган айыл өкмөт менен Нарын шаарын туташтырган жол жараксыз абалга келип, бирок облус бийлиги буга көңүл бурбай жатат.

Ийри-Суу айылынын тургуну Сатыгул Асылбековдун билдирүүсүндө, жол көйгөйүнөн Чет-Нура айыл өкмөтүнө кирген жети айылдын тургундары кыйналып жатат.

"Жол айласыз абалга келип калды. Райондук бийликке кайрылганыбызда эч кандай жардам бере албайт экен. Быйыл жыл башынан бери бир гана ирет жол түртүлгөнү болбосо, такыр каралбай калды. Бийлик буга көңүл бурбаса жашоочулар абдан кыйналып кетти",- деди ал.

Чет-Нура айыл өкмөтү Нарын шаарынын чыгышында жайгашкан.

Айыл өкмөттө алты миңге жакын адам жашайт. Жашоочулар бир канча жылдан бери жол көйгөйүн айтып, бийликке кайрылууларды жолдогон.

XS
SM
MD
LG