Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

АКШнын республикачыл сенаторлордон турган делегациясы Киевге барды


Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү Киевде АКШ Конгрессинин делегациясы менен жолугушту. Америкалык мыйзам чыгаруучулар, анын ичинде Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл жана сенаторлор Сюзан Коллинз, Жон Баррассо жана Жон Корнин Украинанын баш калаасына алдын ала билдирүүсүз барган. Бул тууралуу "Америка добушу" билдирди.

Президент Зеленский Киевдин борборундагы көчөдө америкалык депутаттарды жылуу тосуп алды.

Учурда Сенатта Украинага 40 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик жана башка жардам бөлүү маселеси талкууланууда.

"Украинага жардам берүү жөн гана альтруизм актысы эмес: бул Американын улуттук коопсуздугуна жана Орусиянын ачыктан-ачык агрессиясы ийгиликтүү болбой калышына түздөн-түз байланыштуу", - деди сенатор Макконнелл Киевге сапарынын алдында. Анын айтымында, эгер Украина Орусиянын агрессиясын кайтара албаса, Америка менен Европанын коопсуздугуна коркунуч күчөйт.

АКШ Конгрессинин Сенаты Украинага 40 млрд. долларлык жардамды ыкчамдатылган режимде берүү боюнча мыйзам долбоорун кароодо тил табыша албай калган. Тездетилген жараянга республикачыл сенатор Рэнд Пол каршы чыгып, чыгымдарды федералдык инспектордун текшерүүсү тууралуу пункт киргизүүнү талап кылган. Документке добуш берүү дагы бир нече күнгө жылды жана эмки аптада каралышы мүмкүн.

АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украинага 33 млрд. долларлык көмөк берүүнү өтүнгөн. Конгрессмендер ага дагы 7 млрд. доллардай каражат кошуп, колдоп беришкен.

Орусиянын Украинага масштабдуу чабуулу башталгандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы жана коргоо министри, ошондой эле Конгресстин Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси баштаган демократтардын делегациясы Киевге, ал эми АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Ужгородго барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG