Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтүүдө


Бишкек. 2022-жылдын 9-майы.
Бишкек. 2022-жылдын 9-майы.

Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү башталды. Шаардын "Түштүк дарбазасынан" старт алган жүрүштүн катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басып барышат. Ал жерде согушта курман болгондор эскерилип, өлкө жетекчилиги катышкан митинг-реквием өтөт.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганын быйыл февралда билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган.

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Ага бир канча жолу Орусиянын президенти Владимир Путин да катышкан.

Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган. Кыргызстанда бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон.

Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бул иш-чара соңку эки жылы онлайн форматта уюштурулуп келген. (RK/KS)

XS
SM
MD
LG