Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Кыргызстанда 18ге чыга элек балдардын жарымы жакырчылыкта жашайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин апрель айындагы анализине ылайык Кыргызстанда жашаган 18ге чыга элек балдардын 50,9% жакырчылыкта жашары белгилүү болду.

Элет жериндеги калктын 48,8%, шаардыктардын 30,7%, 18 жаштан 64 жашка чейинкилердин 36,9%, 65 жаштан улуулардын 34,8% жакырчылыкта жашоодо.

Аймактардан жакырчылык тизмесинин башында Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облусу турат.

Статком жакырчылыктын индексин аныктоодо эл аралык ыкмаларды колдонгон. Үйдөгү таза суу, киреше булагы, ден соолук кызматын колдонуу деңгээли, тамактануунун сапаты, билим деңгээлине байланыштуу жагдайлар эске алынган. (BCh)

XS
SM
MD
LG