Армениянын борбору Ереванда уланып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары 4-майда парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышты.
“Франция” аянтынан чыккандар Улуттук жыйынды көздөй полициянын коштоосунда келишкен. Алар имаратка кирүүгө аракет кылган учурда полиция кызматкерлери тосмо жасап, өткөргөн эмес.
Чогулгандар арасынан полицияны көздөй бөтөлкө ыргыткандар болду. Кеминде 40тай адам кармалды.
Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки апта болду. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду тосууга аракет кылып жатат. 2-3-майда жалпы 300дөй киши кармалып, бир бөлүгү кайра коё берилген.
Нааразылык акциясы премьер-министри Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды.
Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.
Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)