Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Зеленский Түркияны орусиялык туристтерди кабыл алып жатканы үчүн айыптады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияны Киев менен мамиле кылууда “кош стандарттуулуктан” баш тартууга чакырды.

“Түркия бир жагынан арачы түшүп, Украинага маанилүү колдоо көрсөтүүдө. Экинчи жагынан болсо, маселен, туристтик каттамдарды даярдап жатканын көрүп жатабыз. Атайын орусиялык туристтер үчүн”,-деди Зеленский грециялык ERT телеканалына курган маегинде.

Украин президенти Түркиянын бул аракеттерин “калыс эмес” деп атап, түрк бийлигин эгер Украина менен достук мамилени уланткысы келсе, орусиялык туристтер менен “чындыктын” бирөөсүн тандоого үндөдү.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Түркия Киевди колдоп, Москвага каршы санкцияларды салган эмес. Түрк бийлиги мындан сырткары Орусиядан туристтерди тартуу үчүн “жол картасын” иштеп чыккан. Анын ичинде Орусияда жайгашкан туроператорлорго насыялык колдоо көрсөтүү жана орусиялык туристтерди ташып келүү үчүн атайын эки авиакомпания түзүү аракеттери бар.

Айт намазынан кийинки кайрылуусунда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Украинадагы согуш туристтик сезонго терс таасир бербеши керектигин” айтты. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин бул багытта жардам берүүгө убада кылганын белгиледи. Эрдоган ошондой эле Украинанын Мариупол шаарындагы тургундарды эвакуациялоо жана Украинадан жана Орусиядан дан азыктарын экспорттоо боюнча аракеттер боюнча да Путин менен сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Түркия орусиялык туристтер эң көп каттаган багыт болуп саналат. Европа Биримдиги жана башка өлкөлөр орусиялык авиакомпанияларга аба мейкиндигин жапканына байланыштуу быйыл Түркияга келген орус жарандары дагы да арбыйт деп күтүлүүдө. Согуш башталгандан кийин өзүнүн чет элдик каттамдарын токтоткон "Аэрофлот" компаниясы Түркияга учуусун жандантарын жарыялады. (ErN)

XS
SM
MD
LG