2-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат, калган аймактарда күн ачык болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 13…15°, күндүз 29…31° чейин ысык болот.
Дагы караңыз