Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Адвокаттар Атамбаев медициналык кароого муктаж экенин билдиришти


Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт "GOVORI.TV" каналынын видеосунан алынды.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт "GOVORI.TV" каналынын видеосунан алынды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев медициналык жардамга муктаж экенин адвокат Замир Жоошев билдирип чыкты.

Анын айтымында, мурдагы президентти медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн 25-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов канааттандырганы менен аткарылбай жатат.

"Соттун чечими Жазаларды аткаруу кызматына жөнөтүлгөндөн кийин ишке ашырылышы керек. Бирок сот дагы, аталган кызмат дагы Алмазбек Атамбаевдин медициналык кароодон өтүүсү үчүн чараларды колдонбой жатат. Биз күтүп жатабыз, бирок Атамбаевге тез арада медициналык кароо керек болуп турат",- деди Жоошев.

2020-жылдын октябрь айындагы жапырт башаламандык боюнча акыркы жараян 25-апрелде өткөн. Ага мурдагы президент алып келинген эмес. Жараянда Атамбаевге Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өтүүгө уруксат берилгени айтылган.

Ага чейинки сот отурумдарына Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, чыр чыгарган.

Бир нече оор беренелерге айыпталып, абакта отурган мурдагы президентке сот отурумдары болуп жаткан учурда бир нече жолу "Тез жардам" чакыртылган. Жакындары жана адвокаттар ал ооруканада жатып, дарыланышы керектиги тууралуу дарыгерлердин сунушу бар жкенин билдирип келишет. (KS)

XS
SM
MD
LG