Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Оң рулдуу автоунааларды алып кирүү сунушу колдоо тапкан жок


Оң рулдуу автоунаа.
Оң рулдуу автоунаа.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демилгелеген оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берүү мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде колдоо тапкан жок.

Демилгечилердин бири Чолпон Султанбекова соңку учурда башка өлкөлөрдөн оң рулдуу автоунаалар кирип жатканын жүйө кылып, аларды мыйзамдаштырып бажы төлөмүн алуу жана өлкөнүн автопаркын жакшыртуу керек кенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга каршы чыгып, оң рулдуу автоунаалар жол кырсыктарына себепкер болуп жатканын билдирген.

Буга чейин ИИМ Кыргызстанда рулу оң жактагы машине менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу сунуштаган.

Мекеменин расмий маалыматына караганда, 2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда жалпысынан катталган 1366 жол кырсыгынын 456сы оң рулдуу автоунааларга тиешелүү. Үч айда жолдо мүрт кеткен 110 адамдын 38инин өлүмүнө оң рулдуу машиненин кырсыкка учураганы себеп болгон, бул сан 34,5% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG