Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Украина: Кыргызстан анык маалыматты кайдан алат?


Украинада согуш башталгандан кийин жабылып калган Дождь телеканалынын студиясы.
Украинада согуш башталгандан кийин жабылып калган Дождь телеканалынын студиясы.

Украинадагы уруш маалымат согушу менен дагы коштолууда. Анын илеби Орусия менен экономикалык-аскердик байланышы бекем Кыргызстанга дагы тийүүдө. Кыргызстандыктар калыс, ар тараптуу маалыматты кайдан алууда?

Ош шаарынын тургуну Астра Украинадагы согуштан толук кабардар. Бирок ал маалымат каражаттарын “орусиячыл” жана “украиначыл” деп бөлүп алган.

“Украина жана Орусия тууралуу маалыматты Инстаграмдан көрчү элек, азыр чыкпай калды. Азыр бир гана телеканалдан Москванын версиясы боюнча чыгат. Украинаныкы өзүнүн версиясы боюнча чыгат. Нейтралдуу айткандар аз сыяктуу, ар ким өзүнүкүн айтып жатат”.

Базарда соода кылган Пазыл социалдык тармактарды карабайт экен. “Мен интернетти карабай, алыс болуп жатам. Андан оолак болуп, ишкерлик менен алектенүүдөмүн”.

Ал эми биз суроо салган Бишкек шаарынын тургуну маалыматты орус телеканалдарынан аларын айтты.

“ОРТ, РТР телеканалдарын көрөм. Украинада "фашизм, неонацизм жаралууда, орусча сүйлөбөгүлө, орустарды өлтүрүш керек" деп жатат. Туура эмес да”.

Маалымат согушу: Элге жетпеген чындык
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:39 0:00

АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосуна ылайык, кыргызстандыктар жаңылыктарды негизинен телеканалдардан, интернеттен жана тууган-досторунан алат.

Телеканалдан маалымат алгандар беш жыл ичинде кыйла азайганын байкоого болот. Мисалы, 2015-жылы телеканалдардын үлүшү 94%, 2020-жылы 84% түзгөн. Ошол эле маалда интернеттен маалымат алгандар 69% чейин өскөн.

Украинадагы согушту Кыргызстандагы медиалар кандай чагылдырып жатканына тыкыр көз салып жаткан эксперт Адил Турдукуловдун пикиринде, интернетти колдонгондор арбын болгону менен Орусиянын федералдык телеканалдарынан маалымат алгандар көптүк кылат.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Бизге өзгөчө оор, анткени Орусиянын медиасынын басымы күч. Керек болсо алардын негизги беш телеканалынын экөө социалдык пакетке киргизилген. Акыркы эки айда орус медиасы өзгөчө бир жактуу маалымат таратып жатат. Анын кесепетинен биздин жарандар туура эмес маалымат алып жатканын туугандарыбыздан көрүп жатабыз. Ошондуктан кыргызстандыктардын арасында Украинадагы кырдаалдин бизге тиешеси жок деген ойдо болуп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын позициясы өтө маанилүү. Анткени Украинадагы согуш Борбор Азиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет”.

Орусиянын "Биринчи канал" жана РТР телеканалдары Кыргызстанда тартат. 2020-жылдагы маалыматка ылайык, Орусиянын эки каналын Кыргызстанда көрсөтүү үчүн бюджеттен 50 миллион сом төлөнөт.

Өткөн айда парламент депутаты Нурлан Шакиев аталган эки телеканалга бюджеттен акча төлөөнү токтотууга чакырган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү, журналист Семетей Аманбековдун айтуусунда, Украинадагы согушту чагылдыруу боюнча “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус медиа” басылмаларынын үстүнөн арыз түштү.

Анда активист Умай Арыкова аталган басылмалардын Украинадагы согушта каза болгон орусиялык аскердин тек-жайын кыргызстандык деп жазганына нааразы болгон.

Аманбековдун айтуусунда, кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу эки тараптын тең маалыматын алып жатат.

Семетей Аманбеков.
Семетей Аманбеков.

“Интернеттеги ар кандай булактардан маалымат алып чагылдырса болот. Мисалы, Орусиянын каналдары Фейсбук, Инстаграмда бөгөттөлгөнү менен Телеграм каналдары бар. Интернеттен кыргыз эли эки тараптын тең маалыматын алганга мүмкүнчүлүгү бар. Көйгөй телеканал жактан болуп жатат. Баарыбыз билгендей, согуштун бир тарабы болгон чоң өлкөнүн эки телеканалы бүткүл Кыргызстан боюнча, биздин эсептен көрсөтүлүүдө. Ал эми мамлекеттик телеканалдардан согуштун бир тарабына ыктаган көрүнүштү байкаган жокмун. Пропаганда чет мамлекеттин гана телеканалдарында болууда”.

Орусия Украинага кол салгандан бери кыргыз бийлиги Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын бир канча жолу жарыялады. Ал арада Украинадагы согушка тиешеси бар маалымат үчүн Next TV телеканалына кылмыш иши козголуп, анын жетекчиси Таалайбек Дүйшөмбиев камалды. Улуттук коопсуздук комитети телеканалга козголгон иш “улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы” менен байланыштуу экенин билдирген.

Телеканалдын жетекчилиги телеканалдын жабылуусун көз карандысыз эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарып келгени менен байланыштырып келет.

Саясий эксперт Бакыт Бакетаевдин айтуусунда, Орусиянын эки телеканалы Кыргызстанда социалдык пакет аркылуу көрсөтүлгөнү менен, социалдык тармакта бир тараптуу маалымат тароодо.

Бакыт Бакетаев.
Бакыт Бакетаев.

“Социалдык тармакта Украина тараптагылар көп болуп, өздөрүнүн оюн кеңири таратып жатат. Орусиячыл маалымат каражаттары уттуруп коюуда. Жалпы элдин маанайына Украинаны колдогон активист, журналисттердин таасири тийип жатат десек болот. Бирок Орусияда биздин миллион жараныбыз миграцияда жүрөт. Алар бул жактагы эки миллион адамды багып жатат. Ошондуктан Орусия тараптагы жарандар көбүрөөк деп ойлойм”.

Орусиянын маалымат каражаттарынын таасири Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндө дагы күч экени белгилүү. Кыргызстан Орусия менен Евразия экономикалык биримдигинде байлануу, ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) да чогуу.

Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 114 телеканал, 50 радио, 998 оператор катталган.

Интернет сайттар мыйзамга ылайык маалымат каражаттары деп эсептелбейт. KG домендерди тейлеген "Азия инфо" компаниясынан 17 миңден ашык сайттын домени каттоодон өткөн. Буга сайттар, сайттын доменине байланган почталар дагы кириши мүмкүн. Соңку парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 92 сайтты каттоодон өткөргөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG