Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Жаңы Ак үйдүн табышмактуу инвесторлору


Президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун баштоо ишине катышты. 15-апрель, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун баштоо ишине катышты. 15-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстанда президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу талаш-тартыш менен башталды.

Бийлик 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирди.

Бирок президенттин администрациясы жайгаша турган имаратты кайсы инвесторлор салып, жер аларга кандай шартта, кайсы аймактан берилгени белгисиз.

16 гектар жерге алмашыла турган имарат

Өлкө башчы Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы имаратынын курулушуна капсула салып, жаңы Ак үйдүн пайдубалы түптөлө баштады.

21 миң чарчы метр аянтты ээлеген мекеменин курулушу менен президенттин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция алектенет.

Администрациянын жаңы имараты бүтүп калса мамлекеттик органдар бир жерге жайгашып, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азаяры айтылды.

Бирок коомчулукта “курулушка канча каражат кетет, имаратты кайсы ишкана салат?” деген бир катар суроолор пайда болду.

Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына бул боюнча айрым суроолорго жооп катары билдирүү жазды.

“Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың. Ошол үчүн мурдагылар “эч нерсе жасабай эле жыргап отура берейинчи” деп тажаган сыяктуу. “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйыны кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берет. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаңыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот”, - деп жазды президент.

Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгына тиешелүү экени айтылган 16 гектар жер Бишкектин кайсы аймагында экенин, администрациянын имаратын салып бере турган инвесторлор тууралуу тактаган жок. Ушундан улам жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча суроолор дагы көбөйдү.

Сырдуу инвесторлор

Бул маселе боюнча президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Анын сөзүнө караганда, президенттик администрациянын жаңы имаратынын долбоорун Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция иштеп чыккан.

Имарат бир жыл ичинде курулуп бүтүп, ишке берилери пландалууда. Ал долбоорго канча акча сарпталары азырынча белгисиз экенин, долбоордун суммасы курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталарын билдирди.

Тилек Батырканов администрациянын жаңы имаратына акча салган инвесторлор ким экенин ачык айтуудан карманууда.

“16 гектар жерге инвесторлор бизнес борборлорду, турак жай, мектеп, бала бакчаларды салат. Алар бизнес план даярдап курулуш иштерин ошого жараша жүргүзөт. Биз азыр инвесторлорду ар кайсы тараптан, дүйнөнүн төрт бурчунан тартып атабыз. “Иштейбиз. Инвестиция салабыз” дегендерди, чын эле Кыргызстандын өнүгүшү үчүн каражат сала турган инвесторлорду чакырып атабыз”.

Тилек Батырканов президенттик администрациянын маңдайына бардык министрликтер жайгаша турган дагы бир имарат салынарын, азыр курулушу башталган мекемеге президенттин администрациясы менен иш башкармалыгы жайгаша турганын кошумчалады.

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

ТС ГРУППтун тиешеси

Бийлик курулуш иштери менен кайсы компания алектенерин айтпаганы менен 15-апрелде президент имараттын курулушуна капсула салганда тартылган фото-виделордон ТС ГРУПП компаниясынын аты жазылган кийимдерди кийип турган кишилерди көрүүгө болот. Алардын коопсуздук баш кийимдеринде да ушул курулуш ишканасынын эн белгиси жана аталышы бар.

Тилек Батырканов жаңы Ак үйдүн имаратын ТС ГРУПП саларын ырастады. Ал административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция буюртма берүүчү экенин айтты. Акча берип аткан чет элдик инвесторлор курулушту жасай турган ишкана катары ТС ГРУПП компаниясын тандаган.

ТС ГРУППтун жетекчиси Алмаз Тиленов ал башкарган ишкана курулуш иштерине тартылганын “Азаттыкка” билдирип, инвесторлор тууралуу суроого кыска эле жооп берди.

“Маалыматтарды азырынча сизге айта албайм. Казакстандан инвесторлор келип, макулдугун берип, биз менен келишим түздү. Андан башка маалымат бере албайм”, - деди Алмаз Тиленов.

ТС ГРУПП компаниясынын аты жазылган кийимдерди кийип турган кишилер.
ТС ГРУПП компаниясынын аты жазылган кийимдерди кийип турган кишилер.

ТС ГРУППтун сайтында ишкана 2014-жылы түзүлгөнү, бул убакыт аралыгында Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын ири заводдорунан өнөктөштөрдү тапканы жазылган.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “ТС Групп Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси Алмаз Тиленов. Osoo.kg порталында компания 2021-жылы 2 млн. 700 миң сом, быйыл 268 миң сом салык төккөнү көрсөтүлгөн.

Коомчулуктун талабы

Социалдык тармактарда президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу эң көп талкууланган тема болуп жатат.

Жарандык активист Атай Бейшенбек бийлик ири долбоор тууралуу коомчулукка чып-чыргасын коротпой деталдуу маалымат бериши керек деп эсептейт.

“Президент “16 гектар жерди беребиз. Бюджеттен бир да тыйын коробойт” деп жазбадыбы. Жер жана башка ресурстар Кыргызстандыкы. Бирөө каражат түрүндө, бирөө ресурс түрүндө. 16 гектар жер кайсы жерде? Анткени азыр Бишкекте бир жерде жайгашкан аймакты табуу өтө эле оор. Экинчиден, жердин базар баасы канча болуп атат? 16 гектар жердин баасы 100 миллиондогон доллар болушу мүмкүн. Бишкектин борборундагы жерлердин бир сотыхы 100-150 миң доллар. Чет жактарында бир сотых жер 50 миң доллардын тегерегинде бааланат. Ошондо 16 гектар жердин баасын эсептесек, президенттик администрациянын жаңы имараты 80 миллион долларга турат экен. Бул аз акча эмес да. Президент жакында “Каатчылык келатат, жарандар, чыгымыңарды азайткыла” деп айтпадыбы. Бирок азыр администрациянын жаңы имаратын салууга канчалык зарылчылык бар? Президенттин администрациясы, өкмөт Жогорку Кеңештин же өкмөт үйүнүн имаратына батпай атабы? Алар отурган имарат авариялык абалда болсо да түшүнөт элек”.

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Президенттик администрациянын жаңы имараты шаардын түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасынын имараты бузулуп жаткан жерге салына баштады. Конок үйүн бузуу иштери былтыр декабрда башталып, ал үчүн бюджеттен 9 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталды.

“Президент “жакшы иш кылсаң да жакпайсың” деген мааниде жазыптыр. Ушунча жазгандан кийин 16 гектар жер кантип президенттин иш башкармалыгына өткөнүн, курулуш иштеринин артында кайсы компания турганын ачык жазса болмок. Ошондо күмөн жараткан суроолор болбойт эле. Мындай суроолордун болушу жакшы. Анткени бийлик элдин алдында жооптуу жана отчёт берип турушу керек. Бир жагынан президент социалдык тармактар аркылуу өзү жооп бергени да жакшы болду. Бирок ал жазган маалыматтар жетишсиз. Себеби, элде эч кандай суроо калбагандай кылып үтүр, чекитине чейин айтып берсе болмок”, - деди саясат талдоочу Адил Турдукулов.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу “Ысык-Көл” мейманканасы 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. Аны бузуу иштери да чыр менен коштолгон. Конок үйүнүн ордуна президенттик администрациянын жаңы имараты салынууда.

XS
SM
MD
LG