Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Дубалы ураган үйдү куруп жаткан компаниянын лицензиясын токтотуу сунушталды


"Кубаныч" деп аталган 14 кабаттуу имаратты "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жатат.
"Кубаныч" деп аталган 14 кабаттуу имаратты "KG Восток Сервис" компаниясы куруп жатат.

Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалынын урап калышына байланыштуу комиссиянын ишинин жыйынтыгын жарыялады.

Анда курулушта колдонулган арматура, тор жана башка темирлер өтө ичке, сапатсыз болгону аныкталганы жазылган.

“Комиссия курулуш иштерин жүргүзгөн "КG Восток Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын убактылуу токтотууну сунуштады. Мындан тышкары бул объектини текшерген кызматкердин жоопкерчилигин карайт.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «КG Восток Сервис» компаниясы 2018-жылы кайра каттоодон өткөн.

28-мартта Бишкектин Фрунзе жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кыштан коюлган дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен. Анда үч киши жараат алган.

Жабыркаган үйдүн тургундары курулуш компаниясынын ээлери жана жергиликтүү бийлик эч кандай реакция кылбай жатканын айтып чыккан.

"KG Восток Сервис" компаниясы бузулган үйдүн ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Компанияга тиешеси бар экени айтылган Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Фейсбуктагы баракчасына анын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, мандат алгандан тартып башкарууну өткөрүп бергенин жазды.

Расмий маалыматка караганда, 2021-жылы Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө 520 лицензия берилген.(KS)

XS
SM
MD
LG