Микропластиктин бөлүкчөлөрү адам канынан табылды. Америкалык окумуштуулар адамдын алгачкы толук геномун жарыялашты. Изилдөөчүлөр илимий ыкмалар аркылуу байыркы жыттарды калыбына келтирүү мүмкүн экенин айтып чыгышты. “Илим жаңылыктарынын” топтомун сунуштайбыз.
Микропластик адам канына жетти
Эбегейсиз көлөмдө өндүрүлгөн пластиктен улам, микропластик дүйнө жүзүн булгап жатканы белгилүү. Буга чейин адамдар тамак жана суу аркылуу пластиктин майда бөлүкчөлөрүн жутуп жатканы аныкталган болчу. Ошондой эле, улуулардын жана наристелердин заңынан да пластик бөлүкчөлөрү табылган.
Эми микропластиктин бөлүкчөлөрү адам канынан табылды. Нидерланддык окумуштуулар тесттен өткөргөн адамдардын дээрлик 80% майда бөлүкчөлөр табылганы тууралуу изилдөө Environment International илимий журналына жарыяланды.
Изилдөөнүн жүрүшүндө ден соолугу чың 22 анонимдүү донордун каны анализденген. Алардын 17синен пластик бөлүкчөлөрү табылды. Катышуучулардын жарымынан суусундуктардын желим бөтөлкөсү үчүн колдонулган пластик табылган. Донорлордун дагы бир бөлүгүндө азык-түлүктөрдүн таңгагы үчүн колдонулган пластиктин бөлүкчөлөрү бар болуп чыккан. Дагы бир канчасынын канынан полиэтилен бөлүкчөлөрү аныкталган.
Бул ачылыш организмдеги пластик бөлүкчөлөр орун алмаштырып, органдарга “отурукташа” аларын көрсөттү. Окумуштуулар клеткаларга зыян алып келет деп тынчсызданганы менен, азырынча пластик бөлүкчөлөрүнүн ден соолукка тийгизген таасири белгисиз.
Булак: The Guardian
Адам геному толук аныкталып бүттү
Америкалык окумуштуулар адамдын алгачкы толук геномун жарыялашты. Жер бетинде жашаган дээрлик 8 миллиард адамдын генетикалык өзгөрүүлөрүнүн, мутацияланган оорулардын жандырмагын табуу үчүн жасалган бул аракет узак убакытка созулду. Буга чейин 2003-жылы изилдөөчүлөр адам геному толук аныкталганын айтышканы менен, гендин дагы 8%ы чечмеленбей калганы анык болгон. Жаңы ачылыш Science илимий журналына жарыяланды.
“Адам геномунун толук ырааттуулугун ачуу адам ДНКсын ар тараптан көрүүгө жол ачат. Эми ооруларды генетикалык жактан изилдөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейди”, - дешет окумуштуулар.
Консорциум биздеги генди жана хромосомаларды түзүп турган 3,055 миллиард жуп бирдиктен жана биздеги белокторду түзүп турган 19 969 генден турат. Булардын 2000ге жакынын окумуштуулар ачыктай алышты.
Булак: Reuters
Илим байыркы жыттарды калыбына келтирет
Германиянын Адамзат тарыхы институтунун изилдөөчүлөрү илимий ыкмалар аркылуу байыркы жыттарды калыбына келтирүү мүмкүн экенин айтып чыгышты.
Nature Human Behavior журналына жарыяланган макалада бул максатты ишке ашыруу үчүн метаболомика жана протеомика илимдери жардам бере алары айтылат. Метаболомика – бул организмдеги, органдагы, кездемедеги же клеткадагы кичи молекулаларды изилдеген илим. Ал изилденип жаткан нерсенин жашоо процессин түшүндүрүп бере алат. Ал эми протеомика – белокторду аныктап, анализдей турган молекулярдык биологиянын бөлүмү.
Эми окумуштуулар өткөн доордогу адамдардын жашоосун толугураак түшүнү үчүн байыркы жазуулардын, сүрөттөрдүн жытына алууга аракет кылып көрүшөт.
Жыт адам жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгону менен, буга чейинки доорлордун жытын изилдөө мүмкүн болгон эмес. Миң жылдардан кийин табылып жаткан археологиялык табылгаларда жыт сакталбайт. Тарыхта жыты каңылжарды жарган кайсы бир заттар үчүн согуштар болгон учурлар кездешет. Демек, өткөндүн жытын билүү көп суроолорго жооп бермек. Ошол эле учурда, жыт өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин да окумуштуулар эске салышат.
Буга катар эле, Италиянын Пизан университетинин химиктери Египеттеги Кха менен Мериттин күмбөзүндөгү артефакттардын жыттары калыбына келтирилгенин айтышты.
Алар ал жердеги кумураларды, чыныларды бир канча күн желим баштыктарда кармашып, абага чыккан молекулаларын чогултушкан. Чогултулган молекулалардын ар биринин жытын аныктоого аракет кылышкан. Натыйжада, кумураларда балык, жер-жемиш жана аары момунан жасалган бальзам салынганы анык болгон.
Тарыхты изилдөөдөгү бул жаңы багыт мындан ары кеңири изилденет.
Булак: Nature