Органдарды басып чыгарууга жол ачкан “биопринтинг”. Өз алдынча жүргөн унаалар эми адашпайт. Италиядан байыркы чиркөөгө таандык курулуш табылды. “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтому.
“Биопринтинг” же орган басып чыгаруу
Органын алмаштыруу үчүн ылайыктуу донор күткөн адамдардын саны дүйнө жүзүндө миңдеп саналат. Келечекте ооруканалар бейтаптын өзүнүн клеткаларын колдонуп эле жаңы органды басып чыгарып кое аларын элестете аласызбы?
Мындай технология “биопринтинг” (“bioprinting”) же “био басып чыгаруу” деп аталат. Анын үстүнөн Франциядагы Лион университетинин алдындагы Франция улуттук илимий изилдөөлөр борборунун директору Кристоф Маркетт иштеп жатат.
“Биопринтинг – бул ичинде кадимкидей клеткалары бар жандуу ткандарды басып чыгаруу. Анын максаты – трансплантанттарды, жандуу ткандарды жана башка өзгөчө ткандарды жасоо”, - дейт Маркетт.
Биопринтинг кадимки 3D принтер сыяктуу санарип чиймелердин негизинде иштейт. Бирок пластик же металлдын ордуна жандуу клеткаларды өзүнө камтыган атайын зат колдонулат. Кемирчек, тери сыяктуу жеңил ткандарды жасоо натыйжалуу аяктады. Эми бүткүл дүйнөдөгү изилдөөчүлөр өпкө, жүрөк, боор сыяктуу маанилүү органдарды басып чыгаруунун алгачкы баскычтары менен иштеп жатышат. Ал эми Кристоф Маркеттин командасы күйүп калган терини биопринтингдин жардамы менен калыбына келтирүүнүн үстүнөн иш алып барууда.
Албетте, бул технология толук ишке ашышы үчүн илим дагы узак жол басып өтүшү керек. Бирок Маркетт бул нерсенин мүмкүн экендигинен күмөн санабайт. Анын баамында, дагы 20 жылдан кийин лабораторияда өстүрүлгөн органдар адамга кадимкидей эле транспланттациялана баштайт.
Булак: euronews.com
Өз алдынча жүргөн унаалар эми адашпайт
Өз алдынча жүргөн транспорттук каражаттар GPS навигациялык системасынын сигналдары жакшы жетпей же такыр эле кабыл албай калса, анда адашып кетиши ыктымал.
Калифорниядагы техникалык институтунун адистери ойлоп тапкан жаңы алгоритм өз алдынча жүргөн унаалар үчүн атайын камералардын жардамы менен айланасындагы нерселерге таянып багыт алууга шарт түзөт. Бул ачылыштын дагы бир артыкчылыгы – аба ырайынан, мезгилдик өзгөчөлүктөрдөн, айлана-чөйрөнүн башка факторлорунан көз каранды эмес.
Салыштырмалуу визуалдык ориентация процесси (visual terrain-relative navigation, VTRN) 1960-жылдары эле иштелип чыккан. Ал техниканын камерасына түшүп калган айланадагы көрүнүштөрдү атайын маалыматтык базада сакталган спутниктен алынган сүрөттөр менен салыштыруу аркылуу ишке ашат. Бирок ар башка жыл мезгилинде айлана өзгөрүп тургандыктан, анын иши чектелүү болуп келген. Мисалы, күзүндө жалбырактар түшүп же кышында кар жаап салса, базада ошол аймактын күзгү же кышкы көрүнүшү болбогондуктан, визуалдык система так жыйынтык бере алчу эмес.
Калифорниядагы техникалык институтунун жана НАСА лабораториясынын реактивдүү кыймыл боюнча изилдөөчүлөрү бул маселени чечүү үчүн жасалма интеллекттин системасын колдонмой болушкан. Мындай система камерага түшкөн аймак менен базадагы сүрөттөрдү адамдар байкабаган бардык майда деталдарды анализдөө менен салыштырып чыгат.
Изилдөөчүлөр тест иретинде системага жайында кышкы сүрөттөрдүн негизинде орунду аныктоо тапшырмасын коюшкан. Жөнөкөй ыкма 50%, жасалма интеллектти колдонуу 92% так натыйжа берген. Ошентип, визуалдык ориентация үчүн жасалма интеллектти колдонуу тактыкты кыйла жогорулатты. Учурда калифорниялык изилдөөчүлөр бул ыкманы жакшыртуунун үстүндө иштеп жатышат. Баары ийгиликтүү болсо, өзү башкарылган робот-унаалар кайсы мезгил, кандай шарт болбосун, адашпайт.
Булак: caltech.edu
2500 жыл мурунку эки кабаттуу платформа
Нью-Йорк университетинин жана Милан университетинин археологдору биргелешип Сицилияда казуу иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада эки кабаттуу монументалдык платформа табылды. Биргелешкен археологиялык миссияны Клементе Маркони, Розалия Пумо жана Эндрю Уорд жетектеп, ыктыярчы студенттер негизги жумушчу болушкан.
Табылган эки кабаттуу имарат кандай кызмат аткарганы аныктала элек. Бирок анын белгилүү болгондугунда шек жок. Буга чейинки табылгалар менен салыштырып, окумуштуулар бул “R чиркөөсүнүн” курмандыкты жайгаштырчу бөлүгү болушу мүмкүн деп боолголошту.
Бул чиркөө шаардагы эң байыркы чиркөө деп таанылып, биздин заманга чейинки 570-жылга таандык деп эсептелет. Платформанын кайсы мезгилге таандык экендигин тактоо да кызыктуу ачылыштар менен коштолду. Анык болгондой, платформанын астынкы бөлүгү кыйла мурун салынса, экинчи бөлүгү кийинчерээк, биздин заманга чейинки V кылымда салынган. Андан тышкары, текенин ири мүйүзү, эркек кишинин айкелинин бир бөлүгү табылды.
Селинус шаары гректердин колониясы катары VII кылымдын экинчи бөлүгүндө негизделген. Айыл-чарбасыныны аркасы менен байып, ал эми эли ал үчүн Кудайларга ыраазычылык билдирүүнү унутушкан эмес. Байыркы шаардын аймагында чиркөөлөр көп салынган.
Ыйык деп эсептелген эң маанилүү чиркөөлөрдөн үчөөнүн калдыктары биздин күндөргө чейин сакталып калды. Алар Аполлонго арналган “С чиркөөсү”, Афинага багышталган D чиркөөсү” жана жогоруда айтылган “R чиркөөсү”.
Булак: thehistoryblog.com