Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Орусия ааламтордон үзүлсө Борбор Азия интернетсиз калабы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Батыштын социалдык тармактары жана көз карандысыз ЖМК бөгөттөп жаткан Орусия дегеле ааламтордон (глобалдык түйүн) баш тартып коё алабы? Анда интернетке бул өлкө аркылуу кошулган Казакстан кантет? Борбор Азиянын башка өлкөлөрүчү?

Кайсы провайдерлер Орусияны ааламтордон үздү?

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин дүйнөгө белгилүү бренддер жана технологиялык ири компаниялар иштешүүдөн баш тартты. Москвадан кол үзгөн компаниялардын катарында дүйнөдөгү эң ири магистралдык интернет-провайдерлер – Gogent жана Lumen Tecnologies бар.

Орусиядагы кардарларга жазган катында Cogent орусиялык провайдерлердин жабдуусу өчүрүлө турганын эскертип, 30 күн ичинде аны алып кетүүгө чакырган.

Талгат Нурлыбаев.
Талгат Нурлыбаев.

"Жөнөкөйлөтүп айтканда, Gogent ири провайдери өзүнүн кабелдерин орусиялык провайдерлерден үзүп койду, эми Gogent аркылуу интернет келбей калды",– дейт Internet Society Kazakhstan коомдук бирикмесинин деректири Талгат Нурлыбаев.

АКШдагы желелердин ишине көз салуучу Kentik компаниясынын интернет-иликтөөлөр боюнча деректири Даг Мадори өзүнүн постунда Cogent’тин кардарлары Орусиянын мамлекеттик “Ростелеком” телекоммуникация компаниясы, “Транстелеком” улуттук оператору, VEON жана “МегаФон” экенин жазган.

“Ростелеком” менен “Транстелеком” интернетти Lumen аркылуу да алат. Орусияны үзүп коюу чечимин бул компания коопсуздук маселелерине байланыштырды. Телебайланыш жаатындагы эксперттер Lumen’ди Орусиядагы маалыматтарды жеткирүүчү эң ири компания дешет. Lumen Орусиядан кол үзгөнүн билдирсе да, интернет-иликтөөлөр боюнча деректири Даг Мадори “Азаттыкка” компания бул өлкөлөрдөгү ишин дагы эле токтото элек деди. Cogent иш жүзүндө Орусияда “Транстелеком” менен бир нече чакан телекоммуникация компаниясын гана өчүргөн.

Даг Мадори.
Даг Мадори.

"Кандай маселе бар экенин билбейм, бирок бул компаниялар Орусияны обочолонтууга кызыкпаган сыяктанат. Эгер Lumen жана Cogent Орусия аркылуу транзитти толугу менен токтотсо, бул орусиялык интернетке эле эмес, Борбор Азиядагы Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү интернетке да тийешелүү болмок", – дейт Мадори.

Орусиядагы интернет Казакстан менен кандайча байланышкан?

Казакстан интернетке Орусия аркылуу кошулган, ал болсо Европадагы трафик алмашуу түйүндөрү аркылуу туташкан.

"Казакстандагы интернет-трафиктин 95 пайызынан кем эмес бөлүгү Орусия аркылуу өтөт", – дейт Internet Society Kazakhstan деректири Талгат Нурлыбаев.

Казакстандагы эң ири интернет-провайдер – бул “Казактелеком” АК (ал өзү “Алтел” жана “Тел2” компанияларынын бирден бир акционери, “Кселл” компаниясынын акцияларынын 51 пайызынын ээси да болуп саналат). Бул компанияда “Казактелеком” “ар түрдүү өлкөлөрдүн, мунун ичинен Орусия Федерациясынын бир катар эл аралык провайдерлери менен” интернетке туташууну камсыздоо боюнча келишимдери бар, “мында көз карандысыз кошумча маршруттар пайдаланылат” деп айтышты.

АКШдагы желелердин ишине көз салуучу Kentik компаниясынын интернет-иликтөөлөр боюнча деректири Даг Мадори Казакстандагы желелер толугу менен Орусияга көз каранды, ошондуктан “орусиялык интернеттеги каалагандай өзгөрүүлөр Казакстандагы байланышка таасир этет” дейт. Анын сөзүнө караганда, өлкөдөгү эң ири провайдер болгон “Казактелеком” өткөрүү же транзит боюнча эл аралык тилкени орусиялык беш компания – “Ростелеком”, “Транстелеком”, “Мегафон”, VEON жана China Mobile (Russia) аркылуу алат.

Даг Мадори бул сөзүн желелердин кандай иштеп, телекоммуникациянын транзит менен кандайча байланышканын көрсөтүүчү Kentik алетине негиздеп айткан. Washington Post башкалар көрбөгөндү байкагандыгы үчүн Мадорини “интернетти көрө билүүчү адам” деп атаган.

Internet Society Kazakhstan коомдук бирикмесинин деректири Талгат Нурлыбаев да Казакстандын провайдерлери ааламдык интернетке Орусия аркылуу туташкан дейт.

Анын айтымында, YouTube, Facebook сыяктуу негизги контент-провайдерлер АКШда, контент-провайдерлердин кайсы бир бөлүгү Европада жайгашкан. Бул контент-провайдерлерге байланыш зымдарын туташтырып, кошулуу керек. Бул оптика-була кабелдери жер жана океан астынан тартылат. Белгилүү аралыкта кабель аркылуу өткөндө начарлаган сигналды кайра күчөтүүчү жабдуу турат. Континенттер ортосундагы, өлкөлөр ортосундагы негизги туташууларды биринчи деңгээлдеги (Tier-1) провайдерлер тартып жеткирет.

Батыш Францияда суу астындагы электр кабелинин жана оптика-буланын тартылышы. ERDF компаниясы Бретандагы 5000 киши жашаган Бель-Иль-ан-Мер аралына интернетти ушундайча жеткирет. 2015-жыл, 11-март.
Батыш Францияда суу астындагы электр кабелинин жана оптика-буланын тартылышы. ERDF компаниясы Бретандагы 5000 киши жашаган Бель-Иль-ан-Мер аралына интернетти ушундайча жеткирет. 2015-жыл, 11-март.

Нурлыбаев интернеттин ааламдык инфратүзүмүнүн дагы бир орчундуу элементи болуп бардык ири жана аймактык провайдерлер топтолуучу трафик алмашуу түйүнү (Traffic Exchange Point – IXP) саналат дейт. Мисалы, орусиялык провайдерлер Европадагы трафик алмашуу түйүндөрүнө кошулган. Эксперт Лондондогу LINX (London Internet Exchange) трафик алмашуучу ааламдык түйүнү жакында Орусияны үзүп койгонун эске салды. Бирок Орусиянын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен “Мегафон” менен “Ростелекомдун” LINX интернет-трафигинин түйүнүнөн үзүлүшү Орусиядагы интернеттин ылдамдыгына таасир этпейт, трафик болсо башка алмашуу түйүндөрүнөн алынат деп билдиришти.

"Мен "Казактелеком" ааламдык трафик алмашуу түйүндөрүнө туташкан эмес деп ойлойм. Ошондуктан ал орусиялык провайдерлер же орусиялык алмашуу түйүндөрү аркылуу иштеши керек. Орусияда бул түйүндөр ааламдык мааниге ээ эмес, бирок КМШ үчүн алардын аймактык мааниси бар", – дейт Нурлыбаев.

Орусия обочолонсо, Борбор Азия интернетсиз калабы?

Экперттердин пикиринде, дүйнөдөгү эң ири провайдерлерди Орусияны интернеттен ажыратып коюу ыктымалдыгы жокко эсе, анткени бул Орусиянын калкын ансыз деле камоодо калган калкын альтернативдүү маалыматтан куру калтырууга алып келет.

Украинага бастырып киргенден кийин Орусиянын бийлиги өлкөдөгү 100дөн ашуун ЖМКга бөгөт койду. Жакында Твер райондук соту Meta корпорациясын "экстремисттик уюм" деп таап, анын Facebook жана Instagram социалдык желелерине тыюу салды. Азыр Орусия өзүн ааламдык интернеттен ажыратып, бир нече жыл мурун даярдап алган “өзүнүн өзүнчө интернетине” өтүшү мүмкүн деп айта башташты.

2014-жылы Орусия Крымды тартып алгандан кийин АКШ ага каршы санкция киргизгенде, Москва автономдуу интернетке алгач ирет өтмөкчү болгон эле. Ошондо Федерация Кеңешинин мүчөсү Максим Кавджарадзе Орусияда колдонуу үчүн “АКШдан көз карандысыз” маалымат тутумун түзүүгө, аны советтик мульфильмдин каармандарындай кылып “Крокодил Гена” же “Чебурашка” деп атап коюуга чакырган. Уккандарды жылмайткан тамаша сөз кийинчерээк чындыкка айланды – Мамдума “эгемен интернет” жөнүндөгү долбоорду жактырды. Эл аны “чебурнет” деп атап койду.

Эгемен интернет жөнүндөгү мыйзам Орусияда 2019-жылы ноябрда күчүнө кирди. Ага ылайык, байланыш операторлору өздөрүнүн желелеринде “аларды коркунучтан сактап, трафикти чыпкалай алгыдай” курумдарды орнотууга милдеттүү болду. Бул жабдуу Орусияда таратууга тыюу салынган маалыматты чектөөгө мүмкүндүк берет.

Бул мыйзам операторлордун алмашуу түйүндөрүнө карата мамлекеттик көзөмөлдү күчөтөт. Орусиянын бийлигинин маалыматтарына ылайык, Роскомнадзор трафикти тескеп, провайдерге туташтырылган сырткы трафик алмашуу түйүндөрүнөн келүүчү сигналды бөгөттөй алат. Мындай шартта Орусиядагы чет өлкөлүк сайттар жана серверлери башка өлкөлөрдө жайгашкан орусиялык сайттар ачылбай калат.

Бир жыл мурун Орусиянын Коопсуздук кеӊешинин төрагасынын орунбасары Дмитрий Медведев Орусия ааламдык интернетти өчүрүп, эгемен Рунетке өтүүгө техникалык жактан даяр деп билдирген эле. Орусия рунеттин иштөөсүн 2019-2021-жылдары бир нече ирет сынактан өткөрүп, “текшерүү ойдогудай өттү” деп кабарлаган.

Буга байланыштуу: Орусия өзү менен бирге Казакстанды да ааламдык интернеттен ажыратып коё алабы? - деген жүйөлүү суроо келип чыгат.

“Азаттыктын” суроо-талабына “Казактелекомдун” берген жообунда: "Эгер Орусия автономдуу интернетке өтсө, бул Казакстандын желеге жетүүсүнө таасир этпейт, анткени биздин өлкө интернет Орусиянын аймагы аркылуу Европадагы терминация түйүнүнөн да алат" деп айтылган.

“Казактелекомдо” кооптуу жагдайларды азайтуу үчүн чет өлкөлөр менен катышты чоңойтуп, кеңейтип жатабыз дешет. Компания ушинтип, транзиттик автономдуу тутумдарды жана операторлорду колдонбостон туташууга жол ача турган альтернативдүү багыттарды пайдаланып, Казакстандын сыртындагы баш тартууларга туруштук бергидей желе түзүмүн уюштурмакчы.

Beeline Kazakhstan’дан “Азаттыкка” Орусиянын ааламдык интернеттен баш тартуусу Beeline’дын Казакстандагы кардарларына таасир тийгизбейт деп билдиришти.

“Билайн Казахстан” TNS-Plus менен биргеликте (экөө тең VEON компаниялар тобуна кирет) кошуна өлкөлөрдөгү ири провайдерлерге туташтырып, бутакташкан магистралдуу желени өркүндөтүштү. Демек, эгер кандайдыр бир себептерден улам жеткиликтүү каналдардын бири (мисалы, орусиялык канал) жетиштүү сапаттагы байланышты камсыздабай калса, трафик башка өлкөлөр (Кытай, Европа) аркылуу багытталат.

Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмосту өнүктүрүү министринин орунбасары Асхат Оразбек да эгер Орусия автономдуу интернетке өтсө, Казакстан ааламдык интернетке Кытай аркылуу кошула алат деди. Мажилистеги тыныгууда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Асхат Оразбек Казакстан интернетке бир гана Орусия эмес, Кытай аркылуу да туташканын айтты. Анын сөзүнө караганда, Казакстан Европадан канчалык трафик алса, ошончону Кытайдан да алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бирок эксперттер интернетке Кытай аркылуу кошулганда маселе чечилбейт, анткени бул жактан интернеттин ылдамдыгы кыйла начарлайт деп эсептешет.

"Европадан Кытай аркылуу алынуучу трафик географиялык жактан өтө эле узак, ошондуктан интернеттин ылдамдыгы басаңдап кетет. Колдонуудагы каналдар боюнча Кытайдагы трафик анча көп эмес болгондуктан, Кытай аркылуу интернетке туташып, Орусияга альтернатива кылуудан мурун трафиктин агымын чоңойтуу зарыл", – дейт Мадори.

Эгер Орусия ааламдык интернеттен ажыратылса, Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары желеден сыртта калышы ыктымал.
Эгер Орусия ааламдык интернеттен ажыратылса, Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары желеден сыртта калышы ыктымал.

Мадори айткандай, Казакстанга China Telecom аркылуу келген интернет транзити анча чоң эмес.

"Бул [вице-министрдин сөзү] анын ишбилги эместигин көрсөтөт. Жанды кашайтат. Мансаптуулар маселени такыр түшүнбөйт. Экинчиден, Казакстандын абалы канчалык олуттуу экенин аңдабай жатат. Биринчиден, кытай фаерволу (батыштын социалдык желелери менен сайттарын бөгөттөөчү тутум) бар. Ал жок болсо деле анча жакшы эмес, себеби кечигүүлөр көбөйөт. Европа жана Америкага чейин Кытай жана Тынч океан аркылуу атүгүл кабель менен жетүүчү электромагнит сигналдары үчүн деле аралык өтө алыс. Баары бир байланыш өтө жай болот да, кымбатка түшөт, – дейт Талгат Нурлыбаев.

Демек, эгер Орусия ааламдык интернеттен ажыратылса, Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары ааламдык желеден тышкарыда калышы мүмкүн.

Мадори Орусия ааламдык интернеттен өзүн обочолонтпошу көбүрөөк ыктымал, бирок эгер баш тартып койсо, “бүтүндөй Борбор Азия үчүн бул өтө оор жагдай болот”, – деди.

Мадоринин сөзүнө караганда, эгер Орусиядагы интернет-транзиттин негизги провайдерлери иштебей калса же Орусия кошулбай койсо, Казакстан да Орусия сыяктуу ааламдык интернеттен бөлүнүп калат экен.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ааламдык интернетке Казакстан аркылуу туташкандыктан, бул өлкөлөр да ааламдык интернеттен үзүлүп калат. Мадори айткандай, бул Түркмөнстан менен Монголияга да таасир этет, бирок азыраак. Анткени, бул өлкөлөр да интернет-транзитти Иран жана Кытай аркылуу алат.

"Эгер Путин Орусияны интернеттен ажыратууну чечсе, анда: “Келгиле, Борбор Азияны да үзүп салалы”, – дейт. Орусия өзүнүн шериктештерине кол шилтеп койгонун көрүп турбайбызбы – бизди шериктеш деген да анча туура болбойт. Бизди сателлит (көз каранды өлкө) десе болот. Сателлиттерине ал түкүрүп эле коёт. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн баары интернетке Казакстан аркылуу туташкан. Ошондуктан бул бир гана Казакстандын эмес, бүтүндөй аймактын баш оорусу”, – дейт Талгат Нурлыбаев.

"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Ельнур Алимованын макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG