Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Мигранттарды орус жарандыгын алууга эмне мажбурлайт?


Орусиянын паспорту. Иллюстрация сүрөт.
Орусиянын паспорту. Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын аскер күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, набыт болгон теги кыргызстандык, бирок орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоевдин өлүмү мигранттар арасында кызуу талкууланууда. Украинадагы согушка орус жарандыгын алган, аскер курагындагы теги кыргызстандык башка жигиттер да катышуусу мүмкүнбү деген суроо жаралды.

Кыргызстандыктарды орус жарандыгын алууга эмне мажбурлайт?

"Катаал мамиледен улам..."

Кыргызстанда туулуп-өскөн, кийин мигрант болуп жүрүп орус жарандыгын алган Салтанат Орусиянын Абакан шаарында жашайт. Анын быйыл 18ге чыга турган уулу дагы орус жараны. Азыр ал Бишкекте мектепти аяктап жатат. Украинада согуш башталгандан бери Салтанат уулунан кабатыр боло баштады.

"Чынында, Украинадагы согуш башталгандан бери уулумду ойлоп кыжаалат болуп жатам. Мектепти бүтсө, күзүндө 18ге толот. Ошондо аскерге алып кетип калса, кандай болот деп ойлоно баштадым. Бирок, жибербейм деп отурам. Уулум да АКШга окууга даярданып жүрөт, ошол жакка окууга кетип калса, жакшы болмок. Азыр ошону эле тилеп отурам".

Салтанат жолдошу экөө 20 жыл мурда баш кошкон. Ал орус жарандыгын алууга түрткөн жагдайларды атады:

"Ал кезде Орусияга баруудан башка аргабыз жок болчу, жашоо оор, күйөөм ошол жакта иштеп жүргөн экен, жарандыгы да бар болчу. Айылга барып, мени көрүп эле куда түшүп, алып кетти. Мен университетте окучумун, ата-энем тез эле сырттан окууга которуп, турмушка чыктым. Абаканга бардык. Күйөөм Орусиянын жараны болгондуктан, айлыкты көп төлөгөн заводдо иштейт. Мигранттар анда көбүнчө базарда, анан короо шыпырган иштерде болчу. Күйөөмө карап мен да орус жарандыгын алдым. Ал кезде жарандык алуу оңой беле же менин жолдошум орус жараны болгондуктанбы, тез эле беришкен. Көп өтпөй орусчаны жакшы билгеним үчүн мага да заводдон кеңсе жагынан кызмат табылды".

Салтанаттын быйыл мектепти аяктап жаткан уулу апасы, карындаштары менен Бишкекте жашаса да, паспорт аларда Абаканга барып, орус жарандыгын алып келген.

Кыргызстандан мигранттар Орусияга 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдары жапырт кетишкен. Орус жарандыгын жапырт алуу да ошол жылдарга туш келет. Москвада көп жылдар бою эмгек миграциясында жүргөн, мигранттардын мурда "Бирге", азыркы "Супара" маалыматтык порталынын негиздөөчүсү Мадина Саттар буларга токтолду:

Мадина Саттар.
Мадина Саттар.

"2000-жылдары Кыргызстан гана эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден да мигранттар орус жарандыгын көп эле алышкан. Анткени, ошончолук муктаждык бар болчу. Мигранттарга жергиликтүү полиция, бийлик, жумуш берүүчүлөрдүн мамилеси катаал эле. Жалаң кара жумушка гана иштей алчубуз. Кемсинтип, көчөдө полиция кызматкерлери жок шылтоо менен кармап кетип, камап коюшчу. Акча берип кутулган күндөрүбүз болгон. Жумушка уруксат кагаз, жашаган жерине каттоого туруу өтө оор болчу. Айлык акысы көбүрөөк иштерге мигранттарды оңой менен алчу эмес. Орус жарандыгын алгандарга кыйла жеңил болчу, кеңири укуктары бар эле. Ошондуктан, кыргызстандыктар да аргасыздан Орусиянын жарандыгын алышкан. Кезинде ортомчуларга көп суммада акча берип жарандык алгандар болгон".

"Орусиянын жарандары жапырт аскерге жөнөгөн жок"

Москвадагы "Руспартнер" ишканасынын негиздөөчүсү, кыргызстандык Руслан Эшимовдун орус жарандыгын алганына көп жыл болгон. Туугандары, балдары да Орусиянын жарандары.

Эшимов "Азаттыкка" учурда жарандыгы барларды аскерге жапырт мобилизациялоо жараяны жүргөн жок деп билдирди.

Руслан Эшимов.
Руслан Эшимов.

"Менин туугандарым, тааныштарымдын көпчүлүгү Донецк аймагы менен чектешкен Ростов-на-Дону шаарында турушат. Баары Орусиянын жарандары. Аскер курагындагы балдарыбыз бир сыйра милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөп келишти. Согушка аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлер эмес, келишим түзүп, атайын "согушка катышуу" максатында баргандарды киргизип жатат" деген маалыматыбыз бар. Эгер андай болбосо менин жээним күзүндө эле десанттык бөлүктө кызмат өтөп келген, ошону элден мурун кайра чакырып алмак. Өзүмдүн аскерге жарамдуу уулум Москвада иштейт. Туугандарыбыздын балдары да аскердик милдеттерин өтөп келишкен. Алардын бирөөнү да мобилизациялаганын уккан жокпуз".

Ушул тапта Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат жок. Кыргызстандын Миграция кызматы мындай маалыматы жоктугун билдирди. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500-600 миңге чамалады. Алардын басымдуу бөлүгү эмгекке жана аскерге жарамдуу курактагылар.

"Кош жарандуулук маселеси чечилген эмес"

Орус жарандыгын алган теги кыргызстандыктардын жашы алды пенсия курагында, арты мектепти эми бүтүп жатышат. Ушул тапта аскерге жарамдуу уландар орус жарандыгын кезинде ата-энелери аркылуу алышкан. Муну белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болжолдуу 500 миң кыргызстандык орус жараны болуп кеткени да Кыргызстан үчүн жакшы көрүнүш болбогонун айтты.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Эли жапырт түрдө башка өлкөнүн жараны болуп кетип жатканы ал өлкө үчүн жакшы эмес. Ошондуктан, мында Акаев баштаган бардык жетекчилердин моралдык жоопкерчилиги бар. Ал эми кыргызстандыктардын Орусиянын жарандыгын алганы учурунда муктаждыктан улам болгон. Айлыкты көбүрөөк алгысы келген, көбүрөөк суммада пенсия алууну каалаган, төрөлө турган балдарынын камын ойлогон жана башка... Азыркы жаш жигиттердин көпчүлүгү жарандыкты ата-энелери аркылуу алышкан. Эми алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык, аскерге чакырса аскерге, согушка чакырса согушка катышууга мажбур. Мыйзамы ошондой".

Орус жарандыгын алганы айтылган 500 миң кыргызстандыктын көпчүлүгү Кыргызстандын да жараны. Бул мыйзамдуу болбогону менен, алардын чөнтөгүндө ички ID паспорту дайыма жүрөт. Анткени, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кош жарандуулук маселеси чечилген эмес. Бир жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргызстандын Германиядагы азыркы элчиси Өмүрбек Текебаев Орусия менен кош жарандуулукту киргизүү демилгесин көтөрүп, бирок ал ишке ашкан эмес.

Мыйзам жол бербегенине карабай, эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн кыргызстандыктар үчүн да Орусиянын мыйзамдары үстөмдүк кыларын депутат Исхак Масалиев белгиледи:

"Чынында биздин жарандарыбыздын көбүндө Орусиянын да паспорту бар. Бул жактан учканда Кыргызстандын паспортун көрсөткөнү менен, Орусияга барганда орус паспортун алып чыгышат. Буга мыйзам чегинде уруксат берилген эмес. Алар Орусиянын жараны катары ал өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүгө тийиш".

Украинадагы согушта Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында жүргөн борборазиялык мигранттар тууралуу маалыматтар чыга баштады.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, мерт болгон төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине кайтарылды. Интернетке өзбек айдоочусунун орус армиясынын жүгүн ташып бараткан видеосу тарады. Ошондон кийин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык тармактар аркылуу өзбек жарандарына кайрылып, Украинадагы эч бир аскердик операцияларга катышпоо өтүнүчү менен кайрылып, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.

Кыргызстандык жарандарга үчүнчү бир өлкөнүн согуштук аракеттерине аралашууга мыйзам жол бербейт. Бирок Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери, бийлик бул мыйзамды ачык эскерткен жок.

Орусиянын мыйзамдары болсо, чет элдиктерге келишимдик негизде аскер кызматына орношууга уруксат берет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG