Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Орус прокуратурасы Навальныйга экинчи иш боюнча 13 жыл сурады


Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйга байланышкан жаңы сот иши ал жазасын өтөп жаткан колонияда жүрүп жатат.
Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйга байланышкан жаңы сот иши ал жазасын өтөп жаткан колонияда жүрүп жатат.

Мамлекеттик айыптоо соттон орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды алдамчылык жана судьяны мазактоо беренелери боюнча 13 жылга эркинен ажыратып, 1,2 миллион рубль айыпка жыгууну өтүндү.

Жараян Навальный башка иш боюнча жазасын өтөп жаткан Владимир облусунун Покров шаарындагы колонияда өтүүдө.

Бүгүн сотто тараптардын жарыш сөзү жүрүп жатат.

Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине жана саясатчынын бир катар шериктеринин жеке эсептерине түшкөн коомдук кайрымдуулук каражаттарын акча чогултууну көздөгөн алдамчылык деп эсептейт.

"Бул акча атайылап Навальныйды Орусиянын президенттигине көрсөтүү үчүн чогултулган", - деп жүйө келтирди прокурор.

Ошол эле маалда Навальныйга жана анын фондуна кайрымдуулук кылган он миңдеген адамдын ичинен төртөө гана бул иште жабырлануучу катары таанылган.

Сот жараянында алардын баары эле мамлекеттик айыптоону колдогон жок.

Навальный муну саясий мүнөздөгү иш деп эсептеп, күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Жараян өтүп жаткан күндөрү судья Маргарита Котова президенттик администрациянын кызматкери Евгений Владимировго чакыруу жибергенин Навальныйдын санаалашы, юрист Иван Жданов билдирди.

XS
SM
MD
LG