Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Назарбаев Түркияга кеткенде тууганы камалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалды кармалды. Ага "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" фактысы боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды. Ал эми Назарбаев өзү Түркиядан Казакстанга кайта элек.

Казакстандын антикоррупциялык кызматы 13-мартта Кайрат Сатыбалдыга "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казахтелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдоо" фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

"Шектүү катары Кайрат Сатыбалды кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмыштарга катышы бары иликтенип жатат. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Кайрат Сатыбалды.
Кайрат Сатыбалды.

Бирок анда 51 жаштагы Кайрат Сатыбалды ким жана телекоммуникация компаниясына кандай тиешеси бар экени такталган эмес.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалдыулы аттуу адам "Казахтелеком" телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Казакстандык телекоммуникациялык рынокто жалгыз монополист - "Казахтелекомдун" акциялар пакети люксембургдук реестрдин колуна 2018-жылы казакстандык бизнесмен Александр Клебанов аркылуу тийген. Келишимди анда Бакытжан Сагинтаев жетектеген өкмөт түзгөн.

Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды буга чейин мамлекеттик кызматты аркалаган. Борбор калаа Нур-Султандын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.

Ошондой эле Кайрат Сатыбалдынын ысымы "Азаттыктын" казак кызматынын Алматыдагы кыймылсыз мүлккө мурдагы президенттин кызы жана күйөө баласы ээлик кылганы тууралуу иликтөөсүндө аталган. Алматынын жогору жагындагы бул жер тилкени жана ак сарайды жергиликтүүлөр "КНБнын чоңуна таандык" дешкен. Назарбаевдин иниси чындап эле Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинде иштеген. "Азаттык" анда жер жана мүлк Кайрат Сатыбалдынын жубайы деп аталган Асел Бахтияр кызына катталганын тапкан.

Үч жыл мурда Сатыбалды Kaspi.kz компаниясындагы өз үлүшүн расмий түрдө саткан. 2018-жылы Люксембургдун офшорунда Сатыбалдынын атына катталган Skyline Investment Company S.A компаниясынын биргелешкен активи 266 млн. долларды түзгөн делет.

Январдын башындагы кандуу окуялардан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовдун орун басарларынын бири, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш да кызматынан кол жууган. Ага эч кандай айып тагылган эмес.

Нурсултан Назарбаев өзү Түркиянын Анталия шаарындагы эл аралык форумга учуп барган учак кайра Казакстанга кайта элек. Radarbox веб-сайтынын маалыматына ылайык, Казакстандагы "борт №1" деген ат менен белгилүү Airbus 330-243 учагынын соңку конгон жери Анталия шаары болгон.

Назарбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен форумга катышуу үчүн Анталияга барганын анын басма сөз катчысы Айдос Укибай 9-мартта Твиттерге жазып, сүрөттөрүн жарыялаган.

Эки күндөн кийин 11-мартта Түркиянын президентинин сайтында Эрдоган менен Назарбаевдин жолугушуусундагы видео тасма жарыяланды. Жыйын президент турган мейманканада уюштурулганы, журналисттерге жабык өткөн жолугушуу жарым саатка созулганы гана айтылат.

Ага Түркия тараптан вице-президент Фуат Октай, бийликтеги АК партиянын төрагасынын орун басары Бинали Йылдырым жана Улуттук чалгындоо башкармалыгынын төрагасы Хакан Фидан да катышты. Назарбаевди Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбекулы жана анын кызматкерлери коштоп жүргөн.

Кошумчалай кетсек, камакка алынган Кайрат Сатыбалды түрк президентинин уулу Билал Эрдоган жетектеген Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын Казакстан өкүлчүлүгүнүн ардактуу төрагасы кызматын да аркалап келген.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын Казакстан өкүлчүлүгүнүн сайты.
Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын Казакстан өкүлчүлүгүнүн сайты.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жактоочулары менен Касым-Жомарт Токаевдин адамдарынын ортосунда ыктымал тирешүүлөр Январь окуясынан кийин күч алды. Токаев менен Назарбаев чыр-чатак тууралуу сөздү четке какканы менен, экс-президенттин эң жакын адамдары жана жакындары жогорку кызматтарынан кол жуушту.

28-февралдагы "Нур отан" партиясынын курултайында экс-президенттин жакын адамдары эсептелген Дарига Назарбаева, Нурлан Нигматулин, экс-премьер-министр Аскар Мамин, Назарбаевдин классташы, партия төрагасынын орун басары Бауыржан Байбек партиянын саясий кеңешинин курамынан чыгарылды.

Муну менен катар Улуттук компаниялардын башчылары, Назарбаевдин күйөө балдары Кайрат Шарипбаев, Димаш Досанов кызматтарын тапшырды. Динара Назарбаевнын күйөөсү Тимур Кулибаев “Ата мекен” ишкерлер палатасынын төрагалыгынан кетти. Дарига Назарбаеванын кудасы Берик Имашев Борбордук
шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан алынды.

Казакстандагы калабада кеминде 227 адам набыт болуп, жүздөгөн адам жараат алган. Жалпысынан он миңдей адам кармалып, анын ичинен жети жүздөн ашууну камалган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG