Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

Украинада америкалык журналист окко учту (видео)


Окко учкан журналист Брент Ренонун документи.
Окко учкан журналист Брент Ренонун документи.

Орусиянын аскерлери басып алган Украинанын Ирпень шаарында америкалык The New York Times басылмасынын 51 жаштагы кабарчысы Брент Рено орусиялык аскерлер аткан октон набыт болду. Анын кесиптеши, АКШнын дагы бир журналисти жаракат алды. Бул тууралуу 13-мартта Киев полициясынын жетекчиси Андрей Небитов маалымдады.

“Баскынчылар орусиялык аскерлердин Украин жергесинде кылып жаткан мыкаачылыгын чагылдырабыз деп келген эл аралык басылмалардын журналисттерин өлтүрүп жатышат. Бүгүн Ирпенде белгилүү The New York Times медиасынын 51 жаштагы кабарчысын атып өлтүрүштү. Дагы бир журналист жарадар болду. Азыр аны кооптуу зонадан чыгарып кетүү аракеттери көрүлүүдө. Албетте, журналист кесиби тобокелдик менен коштолот. Агрессордун мыкаачылыгын, ырайымсыздыгын жана куулугун көрсөтүп бергени келген АКШнын жараны Брент Рено жан берди,” – деп жазды Андрей Небитов.

Жарадар болгон экинчи журналист Хуан Киевдеги бейтапканага жеткирилген. Анын айтымында, ал Брент Рено менен чогуу Ирпень шаарынын тургундарынын эвакуациясы кандай жүрүп жаткандыгын чагылдырып жүргөн.

11-марттын таңында орусиялык күчтөрдүн Киевдин четиндеги ракета чабуулунан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Марьян Кушнир да жараат алган. Дарыгерлер журналистке "контузия" деген диагноз коюшту.

XS
SM
MD
LG