Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Түркмөнстанда добуш берүү аяктады


Түркмөнстандагы президенттик шайлоо.
Түркмөнстандагы президенттик шайлоо.

Түркмөнстанда 12-мартта кезексиз президенттик шайлоо өттү.

Бул саясий өнөктүк бийликти авторитардык президент Гурбангулы Бердымухамедовдон анын уулу Сердарга өткөрүп берүүнүн формалдуу көрүнүшү катары бааланды.

Бул Борбор Азия мамлекетинде шайлоо деген негиз менен бийликти атадан балага мураска өткөрүү жөрөлгөсү ишке ашканын бозгунда жүргөн түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү белгилешти.

Түркмөнстанда Ашхабад убактысы боюнча кечки саат 7ге карата шайлоо участкалары жабылды.

Берилген добуштар саналып жатканы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүлөр жабылгандан көп өтпөй өлкөдөгү болжол менен 3,4 миллион шайлоочунун 97 пайыздан ашыгы 2600 шайлоо участкасында добуш бергенин билдирди.

Бюллетенде президенттикке талапкерлер катары 40 жаштагы президенттин уулу Сердар Бердымухамедов менен бирге коомчулукка анчейин белгисиз сегиз талапкердин ысымы бар.

Алардын баары азыркы президентке лоялдуу экени менен белгилүү жана чыныгы атаандаш катары эсептелбейт.

Мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо 64 жаштагы азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралда парламенттин жогорку палатасына бийликти “жаш лидерлерге” өткөрүп берүү үчүн бийликтен кетүү ниети бар экенин айткандан кийин 12-мартка дайындалган болчу.

15-февралда Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын башкаруучу Демократиялык партиясынын атынан талапкер болуп расмий катталган.

Талапкерлердин ортосунда теледебаттар болгон эмес. Жалгыз гана талапкер Сердар Бердымухамедов «шайлоочулар» менен жолугушуу үчүн өлкөнү түрө кыдыруу менен чектелди. Бул жакшы сценарий менен жазылган жолугушууларда Сердар Түркмөнстандын бейтараптык саясатын улантууга жана "өлкөнү гүлдөгөн мамлекетке айландыруу боюнча өзүнөн мурункулардын саясатын мындан ары да өнүктүрүүгө" убада берген.

Өлкө 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон бери Түркмөнстанда бир дагы шайлоо эл аралык байкоочулар тарабынан таза жана акыйкат өттү деп табылган эмес.

Сердар Бердымухамедов 2021-жылы Министрлер кабинетинин орун басарлыгына чейин тышкы иштер министринин орун басары, Ахал провинциясынын губернатору жана өнөр жай министри сыяктуу бир катар көрүнүктүү мамлекеттик кызматтарды аркалап, былтыр вице-премьер-министрликке чейин ыкчам көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG