Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Зеленский согушта эң көп жабыркаган шаарларга жаңы макам берди


Харьковдогу орус күчтөрүнүн чабуулунан жабыркаган имарат.
Харьковдогу орус күчтөрүнүн чабуулунан жабыркаган имарат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан эң көп жабыркаган Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель жана Волноваха шаарларына “баатыр-шаар” деген макам берди. Бул тууралуу Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.

Ал ошондой эле орус күчтөрү менен күрөшүп жаткан бул жана башка бир катар шаарлардын мэрлерине “Эрдик” орденин, айрым облус жетекчилерине Богдан Хмельницкий атындагы орден ыйгарды.

“Биздин баатырлар, биздин баатыр-шаарлар, мен атайын наам ыйгарууну чечтим. Мурда да буга окшош кол салууну жеңгенде боло келгендей”, - деди Зеленский.

Ал соңку кайрылуусунда Орусиянын чабуулдарынан Украинада жөн-жай тургундар каза таап жатканын белгилеп, Батыштын Москвага каршы санкциялары жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.

XS
SM
MD
LG