Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Кара-Сууда депутат мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылдык кеңешинин депутаты мыйзамсыз жер сатуу фактысына шектүү катары кармалды. Аны менен кошо Нариман айыл өкмөтүнүн юристи жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси колго түшкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 4-мартта кабарлады.

Алар жер тилкелерин жең ичинен сатуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, алар туруктуу коррупциялык схема түзүп документтерди мыйзамсыз бүтүрүп, айыл чарба багытындагы жерлерди сатышкан.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

XS
SM
MD
LG