Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Британия украин жергесине Орусия “вакуумдук бомбаларды” алып келгенин билдирди


Орусиянын "Кавказ-2016" аскердик машыгуусунда "вакуумдук бомбанын" жарылган учуру.
Орусиянын "Кавказ-2016" аскердик машыгуусунда "вакуумдук бомбанын" жарылган учуру.

Улуу Британия орус аскер күчтөрү Украинага термобардык куралдардын системасын алып келгенин билдирип, бул согуштун масштабын кеңейтип, чоң жоготууларга алып келерин эскертти.

Бул тууралуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 3-мартта НАТОдогу өнөктөшү Эстонияга келген учурда билдирди.

“Алар өз максаттарына жетүү үчүн кандай куралдарды пайдаланып, каерге чейин барары белгисиз. Бирок биз аябай чоң артиллерияны колдонгонун көрдүк. Ошондой эле термобардык артиллериялык системаларды жайгаштырып жатканын көрүп турабыз жана ал канчалык колдонушу мүмкүн деп камтамабыз”,-деди ал.

Британ министри жагдай боюнча башка маалыматтарды келтирген жок. Орусия тарап бул маалыматтарды комментарий бере элек.

Украин өкмөтү жана укук коргоо уюмдары Орусияны термобардык куралдарды ушул учурда пайдаланып жатат деп айыпташууда. Айрым аскердик эксперттер аталган куралдын бомбаларын ташыган орусиялык техникалар Украинанын аймагында жүргөнү видеолордо көрүнүп жатканын айтууда.

Термобардык куралдар оозеки тилде “вакуумдук бомбалар” деп да аталып жүрөт. Ал атылган учурда айланасындагы кычкылтекти катуу ылдамдык менен соруп алып, кайра жарылган учурда катардагы бомбаларга караганда жогорку температуралык жарылуу пайда кылат.

“Вакуумдук бомбаларды” колдонуу мыйзамсыз болуп саналбаганы менен анын кесепети өтө чоң болгону үчүн көп талаш-тартыштарды жаратып келет. АКШ мындай бомбаларды Вьетнамдагы жана Ооганстандагы согуштук аракеттерде жоочулар жашырынган тоодогу үңкүрлөрдү жок кылуу үчүн колдонгон.

Орусия аны 1999-жылы Чеченстандагы согушта жардырган жана Human Rights Watch уюмунун кескин айыптоосуна кабылган. Орусиялык өндүрүштөн чыккан термобардык куралдар буга чейин Сириядагы согушта президент Башар Асаддын режими менен күрөшүүдө да пайдаланылганы айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG