Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

АКШ Орусияга жана Беларуска каршы санкцияларын кеңейтти


Беларустун Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуусу.
Беларустун Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуусу.

АКШ орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга жана Беларуска каршы санкцияларын дагы кеңейткенин кабарлады. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Ак үйүнүн билдирүүсүндө айтылды.

Жаңы санкциялар пакети коргонуу тармагында иштеген 22 орусиялык компанияга тиешелүү болот. Ошондой эле Орусияга керектүү мунай жана газ иштетүүдөгү технологияларды экспорттоону көзөмөлгө алуу чарасы киргизилди.

Жогорку технологиялык продукцияларды, анын ичинде программалык камсыздоо жана аэрокосмостук өндүрүш тармагындагы товарларды алууда Орусияга каралган чектөө Беларуска да жайылтылат. Бул өз кезегинде Москванын санкцияларды буйтап кетүүсүн алдын алат.

Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузган бир нече жылдан бери Батыш өлкөлөрү Москвага түрдүү санкцияларды киргизген. 24-февралда орус аскерлери украин жергесине кол салгандан кийин чаралар кескин күчөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG